«Фергана.ру» сайттын тосмолонушу боюнча чечимди жокко чыгарууну талап кылып Мамлекеттик байланыш агенттигин сотко берди

«Фергана.ру» маалымат порталынын жактоочусу Нурбек Токтакунов сайтты 2012-жылдын февралында тосмологон Мамлекеттик байланыш агенттигин сотко берди.

19-ноябрда «Фергана.рунун» редакциясы Кыргызстандын аймагындагы окурмандарынын сайтка кирүү мүмкүнчүлүктөрүн калыбына келтирүү талабы менен өкмөттүн алдындагы мамлекеттик байланыш агенттигине каршы соттук доо арыз жөнөттү. Сайт 2012-жылдын февралында, парламенттин сайтка кирүү мүмкүнчүлүгүн токтотуу чечиминен кийин тосмолонгон.

Анда Кыргызстандын бийлиги «Фергана.руга» басылып чыккан материал «улуттар аралык чыр-чатакты тутантат» деген чечимге келген.

Доо арыз Бишкек райондор аралык сотунда каттоодон өттү, деди укук коргоочу жана «Фергана.рунун» жактоочусу Нурбек Токтакунов.

Ал өз атынан Байланыш агенттигине каршы дагы бир доо арыз жөнөткөндүгүн кошумчалады.

«Менин маалымат алуу жана өз пикиримди билдирүү укуктарым бузулду», — деди жактоочу Kloop.kgге берген маегинде.

Буга чейин «Фергана.рунун» башкы редактору Даниил Кислов 2012-жылдын февралында сайт «мыйзамсыз» тосмолонгон деп айткан.

«Кыргыз мыйзамдарында тигил же бул сайтты тосмолоонун бир гана жолу бар — бул качан гана Башкы прокуратура сайтта кандайдыр бир экстремисттик же мыйзамды бузган материалдардын бар экендигин билдирип сотко кайрылган учурда», — деген Кислов.

Ал маалымат порталынын редакциясы тосмолоо тууралуу чечимдин легитимдүү болушун каалап жаткандыгын кошумчалаган. Мамлекеттик байланыш агенттиги Кыргызстандын колдонуучулары үчүн сайтты жеткиликтүү кылып, андан кийин сайтты тосмолоонун зарылдыгы болсо ал чечимимге сот аркылуу жетишиши керек, дейт Кислов.

«Биз мыйзамда жазылган жол-жоболордун бардыгынын аткарылышын каалап жатабыз. Биздин пикир боюнча, «Фергананы» тосмолоо чечими Кыргызстандын мыйзамдарын бузган», — деп айткан басылманын башкы редактору.

Мамлекеттик байланыш агенттигинин басма сөз катчысы Самат Сагынбаев Kloop.kgге берген маегинде агенттик парламенттин тапшырмасын аткаргандыгын, «Фергана.ру» «маселени чечүү үчүн» Жогорку Кеңеш менен байланышы керектигин айтты.

«Мен Жогорку Кеңештин ордуна жооп бере албайм. Өзүлөрү жооп беришсин. Биз бийликтин аткаруу бутагыбыз — тапшырма болсо аткарабыз», — деди Сагынбаев.

Тосмолоо тууралуу чечим

Сайтты тосмолоо демилгеси 2011-жылдын июнунда Кыргызстандын парламентинин депутаттары тарабынан жактырылган, алар бул чечимин «мамлекеттин кызыкчылыгын коргоо» менен түшүндүрүшкөн.

«Өлкөдөгү улуттар аралык чыр-чатакты тутандырып жаткандар мындай порталдардын кызматтары менен колдонуп, чындыкка дал келбеген, бир тараптын кызыкчылыгын көздөгөн маалыматтарды жайгыштырышы мүмкүн», — деп билдирген анда 2010-жылдагы өлкөнүн түштүгүндөгү улуттар аралык кагылыш боюнча парламенттик комиссиянын төрагасы, депутат Токон Мамытов.

Парламенттин чечими өкмөттүн 21-февралда чыгарган - аталган ресурсту өлкөдө колдонууга чектөө коюу жөнүндөгү - токтомунан кийин аткарыла баштаган.

Токтомду алгачкылардан болуп өлкөдөгү ири телекоммуникациялык корпорация болуп эсептелген «Кыргызтелеком» аткарып баштаган.

Анда басылманын редакциясы веб-сайттын Кыргызстандын аймагында тосмолонгондугуна байланыштуу агенттиктин материалдарынын бардыгы алардын «Фэйсбуктагы» расмий баракчасына жарыяланып тураарын билдирип, окурмандарын тосмолоодон айланып өтүп онлайн каражаттар менен колдонууга чакырган.

Автор: Алексей Ким