Кыргызстанда мобилдик телефондордун номурларын каттоодон өткөрүү милдеттүү болуп калышы мүмкүн

Ички иштер министрлиги эгер мобилдик телефондордун номурларын (сим-карталарын)каттоодон өткөрбөсө иштебегидей кыла турган мыйзам долбоорун даярдап жатат — мекеме мындай жол менен кылмыштуулук менен күрөшүүнү көздөөдө.

Кыргызстандын ички иштер министри Шамил Атаханов мекеме кыргызстандыктарды мобилдик телефондорунун номурларын каттоодон өткөрүүгө милдеттендирген мыйзам долбоорун даярдап жаткандыгын айтты.

«Кандай гана максатта болбосун каалаган адам мобилдик телефону үчүн номур сатып ала алат, бул түрдүү кылмыштарга кеңдик түзүп берет. [...] Телефон номурларын каттоо кылмыштуулук менен эффективдүүрөөк күрөшүүбүзгө шарт түзүп берет», — деп жазат «Вечерний Бишкек» гезитинин интернет басылмасы Атахановдун сөзүн.

ИИМдин басма сөз кызматынан азырынча бул мыйзам долбоору боюнча комментарий бере албастыктарын айтышты.

Азырынча Кыргызстандын ири мобилдик операторлору «Мегаком», «Билайн» жана өлкөнүн байланыш операторлорунун ассоциациясы түрдүү себептер менен ИИМдин сунушу боюнча комментарий бере алышкан жок.

Милиция 2010-жылы да милдеттүү түрдө номурларды каттоодон өткөрүүнү сунуштаган — анда мекеме мобилдик телефондорду уурдоо жана аларды колдонуу менен «террористтик аракеттердин» көбөйгөндүгү фактыларына таянган.

Анда «Мегаком» менен «Билайн» сунушка каршы болгон эмес.

«Номурларды каттоодон өткөрүү сим-картанын ээсин тактык менен идентифициялоого мүмкүндүк берет, ошондой эле сим-карталар аркылуу укуктан сырт аракеттердин жасалышына тоскоол болот», — деген анда «Билайндын» басма сөз кызматынын кызматкери Олеся Кущенкова Kloop.kgге.

Мыйзам долбоору 2010-жылы сунушталганда интернет колдонуучулардын арасында резонанс жараткан.

Алардын бир бөлүгү номурларды милдеттүү түрдө каттодон өткөрүү «эбак эле» киргизилиши керек болчу деп айтышкан. Башкалары болсо мындай жол менен алардын телефон аркылуу сүйлөшүүлөрү «атайын кызматтагылар тарабынан тыңшоого алынат» деп билдиришкен.

Анда ИИМдин мобилдик телефондордун номурларын каттоого алуу боюнча пландары талкууга алынган «Дизель» интернет форумуна 300дөн ашык колдонуучу пикирлерин калтырган.

Автор: Зарема Султанбекова