«Парламент» радиосу эфирге чыгуусун эки күнгө токтотот

Жабдыктарды жаңылоо үчүн парламенттин 21-22-ноябрдагы жыйындарын FM 90.2 жыштыгы аркылуу түз алып уктуруу токтотулду. Бул эки күнү Жогорку Кеңештин депутаттарын «Биринчи радио» аркылуу угууга болот.

Жогорку Кеңештин аппараты уктуруулардын «сапатын жакшыртуу» максатында «Парламент» радиосунун жабдыктарын жаңылап, алмаштырат, деди басма сөз кызматынын башчысы Толгонай Стамалиева Kloop.kgге.

Ал кайсы жабдыктар жаңыланаарын жана ага канча каражат бөлүнөөрүн билбестигин айтты.

Парламент жыйынынын толук көчүрмөсүн «Биринчи радио» аркылуу угууга болот, деп жазылган Жогорку Кеңештин сайтында.

«Биринчи радио» аймактар боюнча төмөнкү жыштыктарда уктурулат:

  • Бишкек шаарында FM 104.1 жыштыгында
  • Ысык-Көл облусунда FM 102.4 жыштыгында
  • Нарын облусунда FM 100.5 жыштыгында
  • Ош облусунда FM 100.7 жыштыгында
  • Баткен облусунда FM 104.2 жыштыгында
  • Жалал-Абад облусунда FM 104.7 жыштыгында
  • Талас облусунда FM 102.0 жыштыгында
  • Чүй облусунда FM 104.1 жыштыгында.

«Парламент» радиосу 2006-жылы негизделген жана Кыргызстандын бардык аймактарына жеткиликтүү. Ага жылына 20 миллион сом каражат жумшалат, деп жазылган «Киртаг» телеграф агенттигинин сайтында.

Автор: Зарема Султанбекова

Сүрөттүн автору: Мирлан Токталиев