«Бишкекшаардыклифт» ишканасынын жетекчилиги дээрлик миллион сомду орунсуз жок кылган деп шектелип жатат

«Бишкекшаардыклифт» муниципалдык ишканасынын жетекчилиги менен кызматкерлери дээрлик миллион сом каражатты орунсуз жок кылган деп шектелип жатышат. Бул факты боюнча милиция кылмыш ишин козгоду. «Бишкекшаардыклифт» милиция тарабынан айтылып жаткан болжолдуу айыптоолор менен макул эмес.

Ишкананын кызматкерлери 982 миң сомду «мыйзамсыз» эсептен чыгарып алышкан деп шектелип жатышат.

Алар «Бишкекшаардыклифт» ишканасынын жабдууларына тетиктерди сатып алуу шылтоосу менен дээрлик 450 миң сомду коротушкан, деп билдирет Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

380 миң сомдой каражатты ишкананын жетекчилеринин бири толтурган жалган сатып алуу актылары боюнча эсептен чыгарып алышкан. Азырынча ал жетекчи кызматкердин аты-жөнү айтылган жок.

«Ушул эле ишкананын башка жетекчилик орунун ээлеп турган кызматкери кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, ишканада иштебеген жаранга 106 миң сомдук айлык акыны бөлүп берип, ишкананын дагы бир башка кызматкерине мыйзамсыз түрдө 85 миң сом берген. Мындан сырткары 49 миң сом эсептен чыгарылган», — деп жазат ИИМдин басма сөз кызматы.

Учурда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же сарптоо фактылары боюнча кылмыш иши козголду.

«Бишкекшаардыклифттин» өкүлү мыйзам бузуулар боюнча козголгон кылмыш иши жөнүндө маалыматтарды берүүдөн баш тартты.

Ал ишкана милициянын тыянактарына «каршылык билдире тургандыктарын» кошумчалады.

Бишкек мэриясынын алдындагы «Бишкекшаардыклифт» муниципалдык ишканасы 2009-жылдын апрелинде негизделген. Ал Кыргызстандын борборундагы лифттердин абалына көз салып, техникалык кызматтарды көрсөтүү менен алектенет.

Автор: Бермет Момункулова