Кызыл-Кыя базарындагы кыздын уурдалышына шектелген аял кармалды

Милиция Кызыл-Кыя шаарынын базарында бир жашар Айбике Абдилакимованы уурдап кеткен деген шек менен кармалган аялдын аты-жөнүн айтуудан баш тартып жатат. Кыздын ата-энеси наристени сатып жиберген деп эсептеп жатышат.

Шектүү аял Бишкекте кармалды, деп билдирди Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы. Мекеме кызматкерлери андан аркы комментарий берүүдөн баш тартышты.

Айбикенин апасы Назгүл Шарипова Kloop.kgге берген маегинде учурда шектелип кармалган аял Бишкектен Кызыл-Кыяга алынып бара жаткандыгын айтты.

«Кызды уурдап кеткен аялды Бишкектен кармашкан. Бул тууралуу биз алгач башка адамдардан уктук, андан кийин гана милиция менен байланыштык», – деди Шарипова.

Кыздын апасы наристени сатып жиберген болушу мүмкүн деп болжолдоп жатат.

«Кызым Кыргызстанда сатылган деп айтып жатышат, бирок кайсыл жакка сатылгандыгын так билбейбиз» , — деп кошумчалады кыздын апасы.

Бир жашар Айбике Абдилакимованы Кызыл-Кыя шаарынын базарынан бир ай мурун уурдап кетишкен. Бейтааныш аял кыздын апасынын жанына келип, наристени кармап турууну сунуш кылган.

Андагы видоебайкоо камерасы бардыгын - кыздын чоочун аялга берилишин жана анын кыз менен бирге кетип калгандыгын толугу менен тартып алган.

Видоедо кызды алган чочун аялдын кайсыл жакка кеткендиги жана ал маалда кыздын апасы башка жакты карап тургандыгы көрүнүп турат.

Видеого ылайык, апасы баласын бергенден алты мүнөт өткөндө аны эстей коюп карама-каршы багытта издеп жөнөгөн.

«Өлкөнүн бардык аймактарында издеп жатышат»

Буга чейин Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү Абдисалам Нарматов милиция жергиликтүү жашоочулардын бардыгынан сурап, Айбикенин сүрөттөрүн таратып жаткандыгын айткан.

«Кимдир бирөө укса кабарлап коюңуздар деп адамдарга айтып атабыз. Биз сурабаган адам калган жок. Такси айдоочуларынан, жүргүнчүлөрдөн, ары-бери өткөндөрдөн, төрөт үйлөрүнөн сураштырдык. Ал жерлердин бардыгын текшерип жатабыз», — деген Нарматов Kloop.kgге берген маегинде.

Тергөөчү милиция ал кыздын уурдалгандыгы тууралуу маалыматтар жергиликтүү телеканалдар аркылуу берилип жаткандыгын кошумчалаган.

Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмүнүн нөөмөтчүсү кызды издөө иштери өлкөнүн бардык аймактарында жүргүзүлүп жаткандыгын Kloop.kgнин кабарчыларына билдирген.

«Балдар иштеп жатышат, бирок кыз азырынча табыла элек. Издөө иштери Жалал-Абадда, Бишкекте, республиканын бардык аймактарында жүргүзүлүп жатат», — деген нөөмөтчү.

«Балдардын укуктарын коргоо лигасы» коомдук фонду 2012-жылдын май айында статистикалык маалыматын жарыялаган - ага ылайык, Кыргызстанда жылдын алгачкы төрт айында эле 40 наристе уурдалган.

Кыргызстандын Кылмыш кодексинде бала уурдоо үчүн үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Автор: Бегимай Жумабай кызы

Редакторлор: Александра Ли жана Айзат Шакиева