Мурунку социалдык өнүктүрүү министри Сабиров акталды

Биринчи май райондук соту мурунку социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабировду толугу менен актады. Ал эл аралык бала асырап алуу укугун бере турган лицензия үчүн «пара талап кылган» деп шектелип жаткан. Башкы прокуратура бул чечим боюнча жогорку инстанциядагы сотко кайрылуу ниетинде.

Сот Сабировдун мурунку жардамчысы Тахир Мирзаметовду алты жылга эркинен ажыратты.

Сабировдун иши боюнча сот төрт айдан ашык убакытка созулду. Мамлекеттик айыптоочу экс-министрди 15 жылга, анын жардамчысы Тахир Мирзаметовду 14 жылга эркинен ажыратууну сураган. Чиновник италиялык компаниядан бала асырап алуу уруксатын бере турган лицензия үчүн «пара талап кылган» деп шектелип жаткан.

3-октябрда өткөн соттун отурумунда экс-министр Сабировдун айыпталып жаткан мурунку жардамчысы Тахир Мирзаметов өз көрсөтмөсүн өзгөртүп, жетекчисинин эч кандай күнөөсү жоктугун айткан.

Башкы прокуратура Сабировго каршы кылмыш ишин 2012-жылдын июлунда, Мирзахметовдун көрсөтмөсүнө таянып козгогон — анда ал параны жетекчиси үчүн талап кылгандыгын айткан.

Атайын кызматтагылар Сабировду 5-июлда кармашкан. Чиновник өз дарегине айтылган айыптоолордун бардыгын четке кагууда.

«Мен айыптоонун бир дагы пункту менен макул эмесмин, күнөөм жок. Мен эч кимден пара талап кылган да эмесмин, алган да эмесмин», – деген Сабиров анын иши боюнча өткөн сот отурумдарынын биринен кийин.

Автор: Алексей Ким

Редактор: Александра Ли

Сүрөт «Азаттык» радиосунун сайтынан алынды