Орусия: Баңгизатын ташыгандыгы үчүн Кыргызстандын жараны 20 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн

Полиция кызматкерлери Кыргызстандын жараны башкарып бара жаткан унаадан төрт килограмм героин табышты — ал Уфа шаарынан Красноярск шаарына бара жаткан. Күнөөсүн моюнуна албай жаткан айдоочу 20 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн, деп жазылган Орусиянын Баңгизатынын сатылышын көзөмөлдөө боюнча кызматынын сайтында.

ВАЗ-2107 үлгүсүндөгү унаанын оң жак капталындагы төрт килограмм героин «бүткүл Орусия» аркылуу өткөн — 51 жаштагы Кыргызстандын жараны тыюу салынган жүктү Уфадан Красноярскиге алып бара жаткан, деп жазылган Орусиянын Баңгизатынын сатылышын көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматынын сайтында.

Полиция унааны Красноярс аймагындагы Шарыпов шаарынан алыс эмес жерден токтоткон.

Баңгизатын көзөмөлдөөчү полициясынын сайтындагы маалыматка ылайык, кармалган адам өз күнөөсүн моюнуна албай эле — ал унаада героин оролгон таңгактын бар экендигин билбестен эле, унааны жеткирип берүү үчүн айдап бараткандыгын айтып, ишендирүүгө аракет кылып жатат.

Кыргызстандыкка карата «маңзатын сатуу жана ташуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Аты-жөнү аталбай жаткан айдоочу буга чейин да аталган берене боюнча соттолгон — 2001-жылы Красноярс облусунун Совет райондук соту аны 10 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган. Бирок ал 2007-жылы мөөнөтүнөн мурда бошотулган.

«Эгер кармалган адамдын ушул эле беренелер боюнча 10 жылдык мөөнөтү болбогондо ал айтып жаткан версия негиздүү болмок. Кандай гана болбосун бул кылмыш иштин чоо-жайын тергөө аныкташы керек, а азыркы боюнча ал 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн», — деп жазылган Баңгизатын сатууну көзөмөлдөө полициясынын сайтында.

Автор: Зарема Султанбекова