Ош: жарыктын жана жылуулуктун жоктугунан, журналисттер массалык иликтөө жүргүздү

Электрэнергиясынын сапатсыздыгына жана маал-маалы менен эскертүүсүз өчүүсүнө нааразы болгон журналисттер «Ошэлектро» жана мэриянын өкүлдөрү менен жолугушту. «Ошэлектро» жарыктын үзгүлтүккө учурагандыгын трансформаторлор алмаштырылып жаткандыгы менен түшүндүрдү.

Мындай демилгени «Интерфакс» маалыматтык агенттигинин кабарчысы Жылдыз Бекбаева алып чыккан.

Журналисттердин айтуусунда, 10-ноябрдан тартып электр энергиясы үзгүлтүккө учурап жатат.

Ошондуктан 20дай журналист жалпы изилдөөгө чыгууга мажбур болгон.

Жылдыз Бекбаева электржарыгынын жоктугунан эки баласы ооруп калганын айтты.

«Шаардагы түзүлүп калган абал кандай кыйын болуп жатат. Бир жумадан өтүп калды. Кар түшүп, суук болуп кеткендигине байланыштуу, шаарда электр жарыгы өчүрүлүп жатат. Анан ошого биздин жинибиз келип жатат. Азыр айтып жатышат подстанцияларда трансформаторлорду алмаштырып жатабыз, эмне үчүн булар жылуу күндөрү кылса болбойт беле»,— деп суроо берди Бекбаева.

Ал көп кабаттуу үйлөрдө жылуулук, газ, электржарык жок отурган күндөр да болгонун кошумчалады.

«Рейтер» агентигинин Оштогу кызматкери Хулькар Исамова, өзүнүн жетекчилигине жарыктын жоктугунан маалымат бере албай, сөз угаарын айтат.

«Албетте жумушта таасирин тийгизет, эми монтаждап жатсам свет өчүп калат. Компьютерге текст жазууда да болбой калат. Жетекчилик түшүнбөйт да свет жок экендигин. Көпчүлүк учурда жетекчи тараптан тил угуп калабыз, свет жоктугунан эфирден кеч калам»,–деп нааразы болду Исамова.

«Ошэлектронун» башчысынын орун басары Нурлан Сыдыков журналисттер менен болгон жолугушуусунда, подстанциялар алмашып жаткандыктан шаарда тез-тез өчүрүүлөр болгонун маалымдады.

15 күндөн кийин шаар электрэнергия менен толук камсыз болооруна убада берет.

«Азыркы күндө аба-ырайына байланыштуу көп жерлерде өчүрүүлөр болуп жатат. Авариялык өчүрүүлөр эмес бул режим боюнча өчүрүүлөр болуп жатат. Биз азыр элге толук бере турган болсок бизде көйгөйлөр башталат. Иштеп жаткан трансформатор такыр иштен чыгып калат»,–деди Сыдыков.