«Республика» Бишкек шаардык кеңешин шайлоо өнөктүгүнөн четтетилиши мүмкүн

Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы «Республика» партиясын Бишкек шаардык кеңешин шайлоо өнөктүгүнөн четтетүү маселесин карайт — алардын атаандашы Транспортчулар партиясы «республикачылар» шайлоочулардын добуштарын сатып алып жатат деп даттанган. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 25-ноябрга белгиленген.

«Республика» ат оюндары боюнча өткөрүлгөн иш-чаранын жеңүүчүлөрүн сатып алган — мындай даттануу менен Транспортчулар партиясы БШКга кайралды, деп билдирди Борбордук шайлоо комиссясынын басма сөз катчысы Токтоболот Жумалиев Kloop.kgге.

Бүгүн БШК «Республика» партиясын Бишкек шаардык кеңешин шайлоо өнөктүгүнөн четтетүү маселесин карайт, деди Жумалиев. Ал андан аркы комментарий берүүдөн баш тартты.

«Биз бул билдирүүгө реакция жасабай кое албайбыз. Ошондуктан бүгүнкү, 21-ноябрдагы жыйында бул маселени карайбыз. Талкуудан кийин «Республиканы» Бишкек шаардык кеңешин шайлоо өнөктүгүнөн четтетүү-четтетпөө чечими кабыл алынат», — деп жазат «Азаттык» радиосу БШКнын төрагасынын орун басары Гүлнара Журабаеванын сөзүн өз сайтында.

«Республика» партиясынын штабынан «бул боюнча териштирүү жүрүп жаткандыгын» жана комментарий берүүгө даяр эмес экендиктерин айтышты.

Kloop.kgнин кабарчылары Транспорчулардын партиясы менен байланыша алган жок.

Кыргызстандын Бишкек шаардык кеңешин жана башка бир катар шаарлары менен айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо 25-ноябрга белгиленген. Бишкек шаардык кеңешиндеги орундар үчүн 23 партия ат салышып жатат.

Буга чейинки Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо 2008-жылдын октябрында өткөн — анда шаардык кеңештин 44 депутаты шайланган. Жалпысынан ал орундарга 377 талапкер ат салышкан.

Автор: Зарема Султанбекова

Сүрөт «Азаттык» радиосунун сайтынан алынды