Жергиликтүү шайлоолор: Маевкада «Ак-Жолдун» мүчөлөрү КСДПнын атынан талапкер катары катышып жатат

Маевкадагы жергиликтүү шайлоого өз алдынча аттанган талапкерлер Кыргызстандын социал-демократтар партиясынын тизмесиндеги талапкерлердин жарымын «Ак-Жолдун» учурдагы мүчөлөрү түзөт деп билдиришти. Талапкерлердин өзүлөрү ал партия эбак эле таркап кеткендигин айтып жатышат.

КСДП партиясынын тизмеси менен 21 талапкер шайлоого аттанган. Маевкадагы жергиликтүү кеңешти шайлоого талапкер катары өз алдынча аттанган Юлия Кагай социал-демократтардын талапкерлеринин жарымы «Ак-Жол» партиясынын учурдагы мүчөлөрү экендигин айтууда.

«Биз тизмесине кимдерди киргизип алгандыктарын айтып, эскертип коелу деген максатта КСДПнын Аламүдүн району боюнча координатору менен байланышканбыз. Аларга талапкерлер «Ак-Жол» партиясынын курамынан чыкпай туруп КСДП партиясына кирип алгандыгы боюнча документтерди бергенбиз», — деди Кагай.

Анын айтымында, алгач социал-демократтардын өкүлдөрү «Ак-Жолдун» курамындагы талапкерлерин тизмеден чыгара тургандыктарын айтып, убада беришкен. Бирок, кийинчерээк алар «ак-жолчулар» улутуна карап тизмеден чыгарып салды деген ойго келиши мүмкүн деп баш тарткан.

«Алар партиядан чыккандыктары тууралуу арыздарын жазып, андан кийин башка партиянын курамына кириши керек болчу. Эгер моралдык көз караш менен карасак алардын моралдык жактан укуктары жок. Бул моралсыздык. Кайсы команда жеңишке жетсе ошого жараша кызыл жана көк түстөгү баш кийимди алмаштырып кийип турган адам жөнүндөгү тасма эсиңизде барбы?» — дейт талапкер катары Маевкадагы шайлоого өз алдынча катышып жаткан Канат Калдаралиев.

«Ак-Жолдун» мүчөсү деп айтылып жаткан талапкер Бинали Дурсунов чындыгында эле Бакиев президент болуп турган маалда ал партиянын мүчөсү болгондугун айтты. Бирок 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин партия курамынан чыгып кеткендигин кошумчалады.

«Мен КСДП партиясына болжол менен бир ай мурун киргем. Расмий таркатуу болбогону менен учурда «Ак-Жол» деген партия жок», — дейт Дурсунов.

Дагы бир башка талапкер Константин Кучеров «Ак-Жол» партиясы жок экендигин айтып, далилдөөгө аракет кылууда.

«Мен партия бүлүнүп баштаганда эле курамынан чыккандыгым тууралуу арызымды жазгам. Шайлоого жергиликтүү тургун катары катышып жатам. Мен бул жерде жарык дүйнөгө келгем, бул жерде үй-бүлөм көп жылдан бери жашайт. Мени тизмеге киргизип жатканда каршы болгон эмесмин», — дейт Кучеров.

КСДП партиясынын координатору Жаңыл Абдылдаева Kloop.kgге берген маегинде шайлоого өз алдынча талапкер катары чыгып жаткандар партиянын ишине кийлигишпеси керектигин айтты.

«Бул алардын иши эмес, кайсы партияга кириши керектигин ар бир адам өзү билет», — деди ал.

Адилет министрлигинин сайтындагы юридикалык жактардын маалымат базасына ылайык, «Ак-Жол» партиясы 2009-жылдын май айында каттоодон өткөн. Саясий бирикменин жетекчиси катары качып кеткен президент Курманбек Бакиев эсептелинет.

Маевка айылдык кеңешине талапкерлер 21 орун үчүн ат салышып жатат. Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо 25-ноябрда болот.

Автор: Хлоя Гейне