Орусиядагы мигранттардын бармак тагын алуу «алардын укуктарын бузат»

2013-жылдан баштап Санкт-Петербург шаары «укук коргоо органдарынын ишин жеңилдетүү» үчүн мигранттардын бармак тагын алуу эрежесин киргизет. Мындай эрежени киргизүүнү Москва шаары дагы көздөп жатат. Кыргызстандын акыйкатчысы милдеттүү түрдө бармак тагын алуу эрежесин «фашисттик энтамагалар» менен салыштырды.

Санкт-Петербург менен Ленинград облусунун аймагында убактылуу же туруктуу жашаган мигранттардын бармак белгилерин алуу эрежеси 1-январдан баштап иш жүзүнө аша баштайт — бул тартип иштөө уруксаты менен жашап туруу угугун мыйзамдаштырып, патент алууну каалган чет элдиктер үчүн гана киргизилет.

Мындай эрежелер «укук коргоо органдарынын ишин жеңилдетүү» үчүн киргизилип жатат, деп жазат «БалтИнфо» маалымат агенттиги Санкт-Петербург жана Ленинград облусу боюнча федералдык миграция кызматынын башкармалыгына шилтеме жасап.

Москва шаарынын аймактык коопсуздук департаменти дагы Орусия борборунда жашаган чет элдиктер үчүн милдеттүү түрдө бармак тагын алуу эрежесин киргизүүнү көздөп жатат.

«Мигранттарды гана эмес алар иштеген ишканаларды да текшерүү керек. Азыр квоталарды чындыгында эле мигранттарга муктаж болуп жаткан компанияларга гана беребиз», — деп жазат «БалтИнфо» департамент башчысы Алексей Майоровдун айткандарын.

Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбек Акун Орусия бийлиги мигранттардын бармак тагын алуу эрежесин киргизүү менен алардын укуктарын бузуп жатат деп эсептейт — ал муну фашисттердин концлагердеги туткундарга басылган энтамгалары менен салыштырды.

«Орусиянын жетекчилигинин бул аракеттери [...] эл аралык стандарттарга таптакыр туура келбейт. [...] Бул мигранттарга ишенбегендей таасир калтырып жатат. Ата мекендик согуш маалында немистер энтамга баскандай болууда. Бирдей укук болбойтат», — деди Акун.

Ал «бүгүн эле» Орусиянын акыйкатчысы Владимир Лукинге кайрылып, орус бийлиги тарабынан мигранттарга карата жасалып жаткан «мыйзамсыз аракеттер» боюнча даттануу ниети бар экендигин Kloop.kgге билдирди.

Бир миллиондун тегерегиндеги кыргызстандык мигрант катары дүйнө жүзүнүн ар кайсы жеринде жүрөт — алардын жарымы Орусияда жашайт.

Буга чейин орус бийлиги эмгек мигранттары үчүн орус тили боюнча милдеттүү сынак киргизген — мыйзам 2012-жылдын 1-декабрынан баштап күчүнө кирет.

Акун бул жаңы киргизилген эреже дагы мигранттардын укуктарын бузат деп, аны сынга алды.

«Биздин өлкөнүн көпчүлүк жарандары орус тилин билишпейт. Бул деген алар жылып жүрүү укугуна ээ эмес дегенди билдирип жатпайбы. [...] Анда биз дагы Кыргызстанга келип жаткан орустардын кыргыз тили боюнча сынактан өтүүсүн талап кылышыбыз керек. Бул эл аралык стандарттарга дал келбейт да!» — деди акыйкатчы.

Автор: Зарема Султанбекова

Сүрөттүн автору: Елена Скочило