Башкы прокуратура «Республика» партиясынын депутаты Элмурат Обдуновго каршы кылмыш ишин козгоо үчүн парламенттен анын кол тийбестигин алууну суранды. Парламентарий Ош мамлекеттик университетинин башкы бухгалтери болуп турган маалда 135 миң сомду өзүнө алып алган деп шектелип жатат.
Убактылуу депутаттык комиссиянын курамына парламенттеги беш фракциядан бирден депутат кирди:
- Абдыжапар Бекматов («Республика»)
- Ыргал Кадыралиев (СДПК)
- Абдырахман Маматалиев («Ар-Намыс»)
- Абдимуталип Кочкорбаев («Ата-Журт»)
- Гуласал Садырбаева («Ата Мекен»).
Шектелип жаткан депутаттын партиялашы Абдыжапар Бекматов комиссиянын планы бекитиле турган алгачкы жыйын 26-ноябрга белгиленгендигин Kloop.kgге билдирди.
Социал-демократтардан комиссиянын мүчөсү Ыргал Кадыралиева билдиргендей, комиссия «республикачынын» баш коргоо чарасын алуу боюнча чечимди иликтөө иштери аятагандан кийин чыгарат.
Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, Обдунов 2009-2010-жылдардын аралыгында - Ош мамлекеттик университетинин башкы бухгалтери болуп турганда окуудан чыгарылган студенттерге бериле турган 135 миң сомдон ашык каражатты өзүнө алып алган.
Башкы көзөмөлдөөчү органдын болжолдуу баалоосунда, депутат тарабынан мамлекетке келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 400 миң сомдон ашык каражатты түзөт.
Ош мамлекеттик университетинин ректорунун жардамчысы Артур Турганбаев Kloop.kgге берген маегинде Обдуновдун башкы бухгалтерлик ишин жакшы деп баалады.
«Ал жакшы кызматкер, жакшы экономист болчу, а бухгалтерия тармагында компетенттүү болгон. Азыр так бир нерсени айтуу кыйын, тергөө иштери аяктаган соң айтса болот», — деди Турганбаев.
«Республика» бийликтеги партиялар менен ачык тирешке түшкөндөн кийин оппозицияга кеткен. Бул 2012-жылдын август айынын аягында парламенттик коалиция менен башында «Республиканын» лидери Өмүрбек Бабанов турган өкмөттүн таркашына алып келген.
Кыргызстандагы депутаттарды куугунтуктоо
Обдунов 2012-жылдын ичинде кылмыш жоопкерчилигине тартууга аракет кылынган онунчу депутат.
Учурда УКМКнын тергөө абагында «Ата-Журттун» төрт депутаты — Нариман Түлеев, Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов жана Садыр Жапаровдор камакта жатышат.
«Ата Мекендин» төрт депутаты - Райкан Төлөгөнов, Өмүрбек Текебаев, Болот Шер жана Туратбек Мадылбековдорду 2010-жылдагы апрель революциясы маалында талап-тоноочулукка катышкан деп айыпташкан.
Ички иштер министрлиги камакта жаткан Абдулла Юсуповдун талап-тоноочулук боюнча берген көрсөтмөлөрүнөн далил таппай, тергөө иштерин токтотту.
Башкы прокуратура үстүбүздөгү жылдын жаз айларында «Республика» фракциясынын депутаты Исхак Пирматовду «Кыргызнефтегаздын» башчысы болуп турганда мамлекетке зыян келтирген деп айыптап, кылмыш жоопкерчилигине тартууга аракет кылган.
Бирок парламент Башкы прокуратуранын айыптоолорун негизсиз деп, анын кол тийбестигин алуудан баш тарткан.
Авторлор: Хлоя Гейне жана Аксаамай Орозбекова