«Республика»: шайлоочуларды сатып алуу боюнча айыптоолор «ойдон чыгарылган»

Боршайком тарабынан шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү эрежелерин бузгандыгы үчүн эскертүү алган «Республика» партиясы шайлоочуларды сатып алуу боюнча айтылган айыптоолорду «ойдон чыгарылган» деп атады. БШКга бул боюнча «республикачылардын» атаандашы - Транспортчулар партиясы даттанган. Кыргызстандын жергиликтүү кеңештерин шайлоого үч күн калды.

«Республика» Транспортчулар партиясы БШКга даттанып кайрылгандан кийин Бишкек шаардык кеңешин шайлоо өнөктүгүнөн четтетилиши мүмкүн болчу.

Бүгүн «республикачылар» өз сайтына пресс-релиз жайгаштырышты - анда партиянын дарегине айтылган айыптоолор «ойдон чыгарылгандыгы» жазылган.

«Республика» партиясынын талапкерлери менен жолугушуу үчүн келген шаар тургундары «Ак-Кула» ат майданына бекер киришкен — сыягы ушул сатып алуу болсо керек. Эске салып коюш керек, шайлоо алдында бекер концерттер менен башка саясий партиялар деле массалык иш-чараларды өткөрөт», — деп жазылган партиянын сайтында.

Сайтта «Республика» шайлоо алдындагы үгүт иштеринде өз лидери Өмүрбек Бабановдун өкмөтүнүн эмгектерине танып жатат деген айыптоолор боюнча - партиянын антүүгө толук укугу бар экендиги жазылган.

«Биздин лидер Өмүрбек Бабанов башкарган өкмөт сегиз айдын ичинде катуу жана пландуу түрдө өкмөттүн программасын ишке ашырып келди. [...] Биз тартынбастан эле бул биздин жетишкендик деп ачык айта алабыз», — деп жазылган сайтта.

«Республика» атаандашы болуп эсептелген Транспортчулар партиясын «административдик ресурсту» колдонгондугу үчүн айыптады.

БШК «Республиканын» дарегине эскертүү берүү менен гана чектелип объективдүү позицияны карманды, деп белгиленген сайтта.

Kloop.kg Транспортчулардын партиясы менен байланыша алган жок.

Кыргызстандын жергиликтүү кеңештерин шайлоо 25-ноябрга белгиленген. Бишкек шаардык кеңешиндеги орундар үчүн 23 партия ат салышып жатат.

Буга чейинки Бишкек шаардык кеңешин шайлоодо шаардыктар 44 депутатты тандап алышкан, жалпысынан ал орундарга 377 талапкер ат салышкан.

Оппозициялык партия

«Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов 2011-жылдын декабрынан баштап 2012-жылдын сентябрына чейин Кыргызстандын министрлер кабинетин башкарган, бирок анын дарегине айтылган айыптоолор жана буга чейинки коалициянын таркашынан улам кызмат ордун таштап кетүүгө мажбур болгон.

«Республика» фракциясы 3-сентябрда «Ар-Намыс», «Ата Мекен» жана КСДП фракциялары тарабынан жаңы парламенттик көпчүлүк коалициясы түзүлгөндөн кийин оппозицияга кеткен.

Бирок фракциянын мурунку лидери Канатбек Исаев башында турган «республикачылардын» бир тобу фракциядан бөлүнүп парламенттик көпчүлүктү колдоп чыккан.

«Республика» менен «Ата-Журт» учурдагы «Ырыс алды — ынтымак» парламенттик коалициясына кирүүдөн баш тарткандан кийин оппозицияда калган.

Курамына «Республика», КСДП, «Ар-Намыс» жана «Ата Мекен» фракциялары кирген буга чейинки «Биримдик» парламенттик коалициясы 22-августта таркаган — ага акыркы күндөрү «республикачылар» менен мамилеси бузулуп кеткен «Ата Мекен» жана «Ар-Намыс» фракцияларынын альянстан чыгып кеткендиги себеп болгон.

Автор: Зарема Султанбекова

Сүрөт «Республика» партиясынын сайтынан алынды