«Республиканын» дарегине айтылган айыптоолордон кийин партия шайлоо өнөктүгүнөн четтетилген жок

«Республика» партиясынын атаандаштарынын бири — Транспортчулар партиясы «республикачылар» шайлоочуларды сатып алып жатат деген даттануусу менен Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылган. БШК партияны Бишкек шаардык кеңешин шайлоо өнөктүгүнөн четтетпөө чечимин кабыл алып, алгачкы жолу эскертүү менен эле чектелди. Шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо 25-ноябрга белгиленген.

«Республика» партиясы «шайлоо алдындагы үгүт иштеринин эрежелерин бузгандыгы» үчүн БШКдан эскертүү алды.

«Республика» партиясынын «Ак-Кула» ат майданында өткөргөн массалык үгүттөө иш-чаралары тууралуу маселени карап көрүп[...] БШК «Республика» саясий партиясына шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү эрежелерин бузгандыгы үчүн эскертүү берүү чечимин кабыл алды», — деп жазылган БШКнын сайтында.

Буга «Республиканын» атаандашы болгон Транспортчулар партиясынын даттануулары негиз болгон.

Алардын даттанууларына ылайык, «республикачылар» ат оюндары боюнча «Ак-Кула» ат майданында өткөрүлгөн иш-чаранын жеңүүчүлөрүн сатып алышкан.

Учурда «Республика» партиясы маалымат каражаттары үчүн комментарий даярдап жатат.

Kloop.kg Транспортчулар партиясы менен байланыша алган жок.

Кыргызстандын Бишкек шаардык кеңешин жана башка бир катар шаарлары менен айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо 25-ноябрга белгиленген. Бишкек шаардык кеңешиндеги орундар үчүн 23 партия ат салышып жатат.

Буга чейинки Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо 2008-жылдын октябрында өткөн — анда шаардык кеңештин 44 депутаты шайланган. Жалпысынан ал орундарга 377 талапкер ат салышкан.

«Республиканын» оппозицияга кетиши

«Республика» фракциясы 3-сентябрда «Ар-Намыс», «Ата Мекен» жана КСДП фракциялары тарабынан жаңы парламенттик көпчүлүк коалициясы түзүлгөндөн кийин оппозицияга кеткен.

Бирок фракциянын мурунку лидери Канатбек Исаев башында турган «республикачылардын» тобу фракциядан бөлүнүп парламенттик көпчүлүктү колдоп чыккан.

«Республика» менен «Ата-Журт» учурдагы «Ырыс алды — ынтымак» парламенттик коалициясына кирүүдөн баш тарткандан кийин оппозицияда калган.

Курамына «Республика», КСДП, «Ар-Намыс» жана «Ата Мекен» фракциялары кирген буга чейинки «Биримдик» парламенттик коалициясы 22-августта таркаган — ага акыркы күндөрү «республикачылар» менен мамилеси бузулуп кеткен «Ата Мекен» жана «Ар-Намыс» фракцияларынын альянстан чыгып кеткендиги себеп болгон.

Автор: Зарема Султанбекова

Сүрөт «Азаттык» радиосунун сайтынан алынды