Садыркуловдун өлүмү боюнча 26-ноябрда өкүм чыгарылат

Аскер сотунун судьясы президент Бакиевдин аппаратынын экс-жетекчиси Медет Садыркуловдун өлүмүнө айыпталып жаткандарга карата чыгарган өкүмүн кийинки жыйында окуйт.

Сот Садыркуловдун өлүмү боюнча иште айыпталуучу катары өтүп жаткан Сыдык Бөрүбаевдин акыркы сөзүн угуп, өкүм чыгаруу үчүн кеңешүүчү бөлмөгө кетти.

Соттун буга чейинки отурумунда кыргыз тилинен орус тилине которо турган котормочу ооруп, келбей калгандыктан Бөрүбаев акыркы сөзүн айта алган эмес.

«Өкүмдү жумшартууңарды суранам», – деди Бөрүбаев сотто.

Сот жообуна тартылып жаткандардын калганы күнөөлөрүн моюндарына алган жок.

Садыркулов кызматынан кеткенден көп өтпөй эле 2009-жылдын март айында каза болгон.

Алгач, Кыргызстандын укук коргоо органдары Садыркулов Бишкектин четиндеги унаа кырсынын айынан – ал бараткан джип «Лексус» менен жеңил «Ауди» унаасы сүзүшкөндө каза болгон, деп билдиришкен.

Садыркуловдун тарапташтары ошондо эле 2007-жылдан бери Бакиевдин бийлигинин жана “Ак жол” партиясынын үстөмдүгүнүн орношуна чоң салым кошкон саясатчыны атайын өлтүрүштү деген версияны айтып чыгышкан.

Кийин, 2010-жылдагы революциядан кийин укук коргоо органдары унаа кырсыгы атайын эле уюштурулган жана Садыркулов президенттин бир тууган иниси Жаныш Бакиевдин буйрутмасы менен өлтүрүлгөн деген версияны айтышкан.

Мүмкүн болгон унаа кырсыгынын күбөлөрүнүн бири - кырсыкка күнөөлүү деп табылган «Ауди» унаасынын айдоочусу 2010-жылдын апрелинде табышмактуу кырдаалда Бишкектин четинде өлтүрүлгөн.

Автор: Хлоя Гейне

Редактор: Александра Ли