Ташиев ооруканадан кайра тергөө абагына которулду

Ачкачылык акциясынан кийин ооруканага жаткырылган «Ата-Журттун» лидери Камбычек Ташиев ооруканадан тергөө абагына которулду. Саясатчынын жактоочусу ал жактоого алган депутат дагы деле дарыланууга муктаж экендигин айтты. Башкы прокуратура бул маалыматты тактай тургандыгын айтып, убада берди.

Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов ал жактоого алган саясатчыны ооруканадан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына 20-ноябрь күнү кечинде которушкандыгын Kloop.kgге билдирди.

«Ташиевди ооруканадан тергөө абагына кечээ которушкан, мен аны бүгүн уктум. Эч кандай себептерин түшүндүрбөстөн эле күтүүсүз которуп коюшту», – деди Айткулов.

Жактоочунун айтымында, депутат дагы деле дарыланууга муктаж.

«Ал толугу менен дарыланып бүткөн жок. Анын ичегарынында көйгөй бар, текшериш керек. Бул чечимди дарыгерлер кабыл алган эмес, УКМК же Башкы прокуратура тарабынан кабыл алынган», – деди депутаттын жактоочусу.

УКМКнын аскердик-медициналык кызматынын башчысы Нияз Алдашев «Акипресс» маалымат агенттигине депутаттын абалы «канааттандыраарлык» экендигин билдирген.

УКМКнын басма сөз катчысы Нурлан Токталиев саясатчынын ооруканадан тергөө абагына которулушу боюнча комментарий бере албастыгын айтты.

«Бул маселе менен Башкы прокуратура алектенип жатат, бардык суроону ошолорго бергиле», – деди Токталиев.

Өлкөнүн башкы көзөмөлдөөчү органы маалыматты 22-ноябрда тактап бере тургандыгын айтып, убадалады.

Ташиев ага карата белгиленген баш коргоо чарасы менен макул эместигин билдирип, тергөө абагынан бошотуу талабы менен «кургак» ачкачылык жарыялаган.

Бирок анын суу менен тамактан баш тартуусу эч нерсе деле алып келген эмес. Ташиев туугандарынын өтүнүчү менен ден соолугунун начарлагандыгына байланыштуу ачкачылыктан баш тарткан. «Ата-Журттун» лидери 13 килограммга арыктаган, деди анын жактоочусу.

«Ал аксакалдардын, үй-бүлөсүнүн жана депутат кесиптештеринин өтүнүчү менен ачкачылыкты токтотту. [...] Эгер эс-учун жоготуп койсо кандай гана болбосун анын өмүрүнөн чочулап кыйнап тамак ичиришмек», — деп билдирген анда Айкулов.

Автор: Мария Гребнева

Редактор: Александра Ли

Сүрөт «Азаттык» радиосунун сайтынан алынды