Акыйкатчы Турсунбек Акун экинчи мөөнөткө калууну көздөп жатат

Жаңы мамлекеттик укук коргоочу 2013-жылдын башында шайланат. Учурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун экинчи мөөнөткө калгысы келип жаткандыгын билдирди. Парламентарийлер анын бул кызматтагы аткарган иштерине түрдүү баа берип жатышат.

Акун Kloop.kgге берген маегинде «эгер жеңишке жете тургандыгына ишенсе» өз талапкерлигин кое тургандыгын айтты.

«Эгер мен өтүп кете тургандыгыма ишенсем, анда барам. Талапкерлигимди коюу боюнча каалоом бар», — деди акыйкатчы.

Ал адамдардын атайын бир бөлүгүнүн укуктарын коргоо боюнча адистештирилген кызмат түзүү ниети бар экендигин айтты. Акун белгилегендей, эгер парламент аны экинчи мөөнөткө калтырбаса, ал аталган кызматты түзүүдө жаңы акыйкатчыга жардам берет.

«Мен экинчи мөөнөткө калтырылбасам дагы укук коргоо ишмердүүлүгү менен алектене берем. Мыйзам боюнча, эгер акыйкатчы өргүүгө чыкса же кызматынан кетсе мамлекет аны ошондой эле кызмат менен камсыз кылышы керек. Бирок менин бул мүмкүнчүлүк менен пайдалангым келбейт, мен укук коргоо ишмердүүлүгү менен гана алектенем», — деди Акун

Турсунбек Акун акыйкатчы кызматын 2008-жылдан бери ээлеп келет. Ал бул кызматта учурдагы Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулун алмаштырган.

Депутаттар Акун жөнүндө

«Ата Мекен» фракциясынан парламенттин вице-спикери Асия Сасыкбаева акыйкатчынын ишине терс баасын берди.

«Ал акыйкатчы институтунун бардык мүмкүнчүлүктөрүн колдонгон жок. Анын ишине терс баа берем, мындан да жакшы иштесе болмок», — деди Сасыкбаева.

Ал Акунду кайрадан бул орунга шайлоо «мүмкүн эместигин» кошумчалады.

«Депутаттардын көпчүлүгү анын талапкерлигине каршы жана ишине канааттанышкан жок. Анын отчетун көрбөй туруп ага добушумду берээр-бербесимди айта албайм», — деп кошумчалады парламентарий.

Социал-демократтардын лидери Чыныбай Турсунбеков акыйкатчы аппаратынын башчысынын ишине «жактырган» баасын берди.

«Бул мөөнөтүндө ал дурус эле иштеди деп эсептейм. Укук коргоонун жаңы институту болгондуктан ал өтө катуу жана көп аракеттенди. Мен анын талапкерлигин кабыл алыш керек деп ойлойм. Анын 50-50 пайыздан мүмкүнчүлүгү бар», — деп белгиледи Турсунбеков.

Кыргызстандын акыйкатчы аппаратынын алгачкы башысы жана «Ар-Намыс» фракциясынан депутат Турсунбай Бакир уулу учурдагы акыйкатчынын ишине «сын көз карашын» билдирди.

«Мен Кыргызстандын алгачкы акыйкатчысы катары анын бардык кемчиликтерин көрүп турдум, анын иши толугу менен көрүнүп турду», — деп белгиледи экс-акыйкатчы.

Бакир уулу билдиргендей, дүйнө боюнча акыйкатчы аппаратынын башчысы «дээрлик 99,9 пайыз учурда» экинчи мөөнөткө тандалып алынбаган мыйзам ченемдүүлүк бар.

«Эч качан акыйкатчы экинчи мөөнөткө шайланган эмес. Бул дүйнөлүк тарыхта да, Кыргызстандын тарыхында да» — деди парламентрарий.

Автор: Азат Рузиев

Сүрөт ombudsman.kg сайтынан алынды