Эл аралык кризистик топ Ошто улуттар аралык кастыкты козуткандыгы тууралуу маалыматты четке какты

Эл аралык кризистик топтун талдоочусу Прасад Конор Ошто «улуттар аралык кастыкты козуткандыгы» үчүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери тарабынан кармалган. Эл аралык уюм ыкчам топтун мындай аракеттерин «мыйзамсыз» деп эсептеп жатат.

Эл аралык кризистик топ алардын кызматкерине карата Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ош облустук бөлүмү тарабынан коюлуп жаткан дооматтарды четке кагууда, деди уюмдун коммуникациялар боюнча директору Эндрю Штройляйн.

«Ал кимдир бирөөнү кагылышууга түрткү боло турган чагымчылдыкка үндөгөн деген идея толугу менен туура эмес. Биз Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын дарегине расмий даттануу жолдодук», — деди Штройляйн.

Эл аралык кризистик топ Парасадды кармап, тинтүү учурунда УКМКнын кызматкерлери Кыргызстандын мыйзамдарын бузган деп айтып, далилдөөгө аракет кылууда. Уюм президент Алмазбек Атамбаевге расмий түрдө кайрылып, УКМКнын Ош бөлүмүнүн аракетин териштирүүнү өтүндү.

Прасад Эл аралык кризистик топто саясий талдоочу болуп иштейт. Ал кандуу жаңжалдардын чыгып кетүү кырдаалдарын изилдеп, анын алдын алуу жана чечүү жолдорун сунуштоо менен алектенет, деди Штройляйн.

«Биз чын эле УКМКнын Ош бөлүмүнө каршы даттануу жолдодук. Бул биз үчүн өтө маанилүү. Алардын аракетинде бир катар мыйзам бузуулар менен ыгы жок аракеттер болгон жана биз бул боюнча даттанабыз», — деди уюмдун коммуникациялар боюнча директору.

Ал талдоочу учурда эркиндикте экендигин жана маалымат каражаттары менен байланышууну каалабай жаткандыгын кошумчалады.

Штройляйн менен болгон маек

УКМКнын Оштогу бөлүмүнүн кызматкерлери Прасадды шаар тургундарынан арыз келип түшкөндөн кийин кармашкан.

«Ал жергиликтүү бийлик органдары менен титулдук калк тарабынан өзбек тектүү жарандардын укугунун бузулушу сыяктуу фактылар тууралуу маалыматтарды чогулткан. Анын бул аракеттери өзбек улутундагы жарандарды активдүү жарандык позициясын көрсөтүү чакырыктар менен коштолгон», — деп жазылган УКМКнын пресс-релизинде.

Атайын кызматтагылар Эл аралык кризистик топтун кызматкеринин унаасын Ош шаардык сотунун уруксатынан кийин тинтүүгө алган. Тинтүү иштеринин жүрүшүндө УКМКнын кызматкерлери Прасаддан документтер менен электрондук алып жүрүүчү каражаттарды алган.

«Ал материалдарда улуттар аралык араздашууну козута турган билдирүүлөр бар. Ал ошондой эле өлкөнүн бүтүндүгү менен туруктуулугуна коркунуч алып келет», — деп жазылган пресс-релизде.

«Коогалаңдын кесепетин изилдөөдөгү ийгиликсиздик»

«Эл аралык мунапыс» укук коргоо уюму 2012-жылдагы отчетунда кыргыз бийлиги 2010-жылдын июнунда Ош жана Жалал-Абад облустарында болгон улуттар аралык кагылышуу учурундагы кылмыштарды «ачык жана калыс» изилдей алган жок деп белгилеген.

«Өз ичине жөнөкөй жарандарды кыйноо, зордуктоо жана өлтүрүүнү камтыган адамзатына каршы жасалган кылмышкерлер — жазасыз калышты», — деген «Эл аралык мунапыстын» талдоочусу Мэйси Вэйчердинг.

Вэйчердинг белгилегендей, кагылышка кыргыз жана өзбек этникалык топторунун өкүлдөрү катышкандыгына карабастан өзбек тарап «көп жоготууларга дуушар болгон».

Отчетто иштин ордунан чыкпай калгандыгына карабастан Кыргызстан улуттар аралык кагылыштын калыс жана эффективдүү изилденишин камсыз кылышы керектиги айтылган. Уюм эл аралык коомчулукту кыргыз бийликтерине каржылык жана техникалык жактан колдоо көрсөтүүгө чакырды.

Улуттар аралык кагылыш Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймагында 2010-жылдын июнунда болгон - анда төрт күн бою кыргыздар менен этникалык өзбектердин ортосунда кагылышуулар болгон.

Кыргызстандын түштүгүндөгү улуттар аралык кагылышты изилдөө үчүн түзүлгөн Мамлекеттик жумушчу топтун акыркы маалыматы боюнча, 2010-жылдагы июнь окуясында 442 киши көз жумган, алардын 70 пайызын этникалык өзбектер түзгөн.

Автор: Хлоя Гейне

Сүрөт Прасаддын «Фейсбук» социалдык түйүнүндөгү аккаунтунан алынды