Кадамжайда окуучу кызга мектепте жоолук салынуусуна тыю салышууда

Баткен облусунун Кадамжай шаарында жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы Кыргыз лицейинин окуучусуна мектепте жолук тагынбоосун эскертти. Окуучу кыздын айтымында, бул анын укугун бузуу. Билим берүү министрлиги окуучу мектептин ички эрежелерин сактоо керектигин билдирди.

Жаш өсүпүрмдөр менен иштөө инспектору Ибадат Турабаева рэктечилик туралуу окуучулар менен болгон жолугушуусунда окуучу кызга мектепке жоолук салынбай келиши керектигин эскерткен.

Атын атагысы келбеген окуучу кыз муну укугунун бузулушу деп эсептейт.

«Мен өзү айтпайм деген элем, коркуп. Мен өзү укугумду билем. Мисалы, мыйзамда дагы «оронуп мектепке келүү тыю салынат» деген эч кандай маалымат жок, чынбы?[...]. Ибадат эже (инспектор) биздин мектепке барып алып трениг өттү да рекетчилик жөнүндө, ортосунда формага өтүп кетти», —дейт окуучу.

Кыздын айтуусунда, ал болгону ак кофта, кара узун юбка жана жолукту оронуп салынат.

Ал эми жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын инспектору Ибадат Турабаева окуучулар мектептин уставына карап атайын форма кийүүсү керек деп билдирдди.

«Өзүнүн классташтарын алдында сүйлөшкөнбүз биз мектеп окуучусу болуп туруп, мектеп формасына келишибиз керек деп айтканмын. Анан ал айтыптыр мажбурлап жатышат деп.Андай факты болгон эмес. Мен мыйзам сактоочумун.Бул боюнча протоколдор бар»,—деди Турабаева.

Билим берүү министрлигинин басма сөз катчысы Керез Жукеева бул боюнча kloop.kgге берген маегинде, кийим кийүүдө атайын министрликтин буйругу жок экендигин жана окуучулар мектептин уставын сактоосу керек деген оюн билдирди.

«Кийим кийүүдө мектептин уставын албетте ар бир окуучу сакташ керек. Башкача айтканда, мектептин формасына тиешелүү. Атайын министрликтин буйругу жок, тигил же бул формада кийинсин деген. Бирок биз светтик мамлекет болгондон кийин, сөзсүз түрдө светтик мамлекетке тиешелүү белгилерди колдонушубуз керек»,—деди Жукеева.

Ал эми жергиликтүү укук коргоочу Изатилла Рахматуллаев мектептин мындай уставы адам укуктарынын бузулуш катары баалайт.

«Мен ойлойм адам өзү чечиш керек кантип жана кандай кийинүүсүн. Албетте эткалык нормаларды сактоо керек анткени би Орто Азияда жашайбыз да. Ал кыз хиджаб кийсе бул анын укугу ага эч ким тыю салбаш керек»,—дейт Рахматиллаев.