«Түндүк электр»: электр жарыгын маал-маалы менен өчүрүү болбойт

«Түндүк электрдин» басма сөз кызматы мекеме көмөкчордондордун кубаттуулугун көбөйтүп жаткандыгын жана электр жарыгын маал-маалы менен өчүрүү болбостугун билдирди. Энергетика тармагы боюнча талдоочу Расул Умбеталиев бул жылы көмөкчордондорду күчтөнтүү мүмкүн эмес деп эсептейт, ал пландык өчүрүүлөр болоорун айтты.

«Түндүк электрдин» басма сөз кызматынын кызматкери компания учурда көмөкчордондордун кубаттуулугун арттыруу үчүн аларга кошумча трансформаторлорду орнотуп жаткандыгын айтты.

Ал түшүндүргөндөй, өлкөнүн айрым бир райондорундагы электр жарыгынын өчүрүлүүсү жаңы трансформаторлорду орнотууга байланыштуу болгон. Анын айтымында, «Түндүк электр» электр жарыгын маал-маалы менен өчүрбөйт.

«Көмөкчордондор күчтөнтүлүп жатат. Буга байланыштуу кээ бир райондордо кыска мөөнөттөгү өчүрүүлөр болушу мүмкүн. Бул АКШнын элчилиги жайгашкан район менен жаңы конуштарга тиешелүү», – деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Басма сөз кызматы кошумчалагандай, көмөкчордондордун кубаттуулугун арттыруу иштерин декабрдын башында аяктоо пландалып жатат.

Буга чейин парламенттин жыйынында Энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калмамбетов маал-маалы менен өчүрүүлөр болбой тургандыгын билдирген.

«Ооба, өчүрүүлөр болот, аткени ал техника да. Анда жүктөм көбөйүп кетиши мүмкүн, ал сынып калуу касиетине ээ. Бирок үнөмдөө максатындагы [электр энергиясын] маал-маалы менен өчүрүү болбойт. Бизде көмүр менен суунун жетиштүү ресурсу бар», – деген Калмамбетов.

Энергетика тармагы боюнча талдоочу Расул Умбеталиев «Түндүк электр» ишканасы декабрдын башталышына чейин кошумча көмөкчордондорду орнотуп бүтүүгө жетишпейт деп эсептейт.

«Алар 2012-жылдын аягына чейин жетишпейт [көмөкчордондорду орнотууга], 2013-жылы бүтүшү мүмкүн, бирок кеч болуп калат. Буга эң аз дегенде 15 күн керек, ал үчүн шаарлардын, кичи райондордун жана райондордун жарыгын өчүрүү керек», – деди Умбеталиев.

Талдоочу көмөкчордондордун күчтөндүрүлгөндүгүнө карабастан маал-маалы менен өчүрүүлор боло берет деп эсептейт.

«Маал-маалы менен өчүрүүлөр боюнча – алар болгон жана боло берет. Трансформаторлордун иштен чыгып калбашы үчүн атайын өчүрүлөт», – деди Умбеталиев.

Электр жарыгын маал-маалы менен өчүрүү – бул электр энергиясы менен камсыз кылуучунун бир мезгилде бардык кардарларды камсыз кыла албастыгынан улам келип чыккан электр жарыгынын план боюнча маал-маалы менен өчүрүлүүсү.

Автор: Нурсултан Амангулов

Редактор: Александра Ли