Дарыгерлердин психатриалдык тобу бар тез жардам унаасын Жол көзөмөлдөө кызматынын түнкү күзөт унаасы 22-ноябрда, Бишкектин Чүй проспектиси менен Гоголь көчөсүнүн кесилишинен сүзгөн. Жабыр тарткандар жок. Бул акыркы жарым жылдан бери тез жардам унаасы менен милиция унаасы катышкан экинчи жол кырсыгы.
Чүй проспектиси менен Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинен Жол көзөмөлдөө кызматынын унаасы келип сүзгөндө тез жардам унаасындагы дарыгерлер чакыруудан кайтып келе жатышкан, деди таз жардам станциясынын башкы дарыгери Kloop.kgге.
«Мен үчүн кызматкерлердин жабыр тартпагандыгы маанилүү. Кызматкерлердин эч кимиси, айдоочу дагы жарат алган жок. Менин билишимче, унаанын маңдайы бир аз талкаланган, кантсе да УАЗ да Мерседес эмес», — дейт Денисов.
Дарыгерлери бар унаа Бишкектин автобазасына таандык болгон.
«Ал биздин унаа эмес, департамменттин автобазасындагы [Бишкек мэриясынын алдындагы салматтык сактоо департаментинин] унаа. Тактап айтканда, алар бизге айдоочусу менен унаа берет, аны менен биздин дарыгерлер медициналык жабдууларын салып барышат», — деди Денисов.
Бишкек шаардык автоинспекциясынан аларга унаа кырсыгы боюнча кайрылышкандыгын, бирок ал маалымат ырасталбагандыгын Kloop.kgге билдиришти.
«Бул боюнча бизде эч кандай маалымат жок», — деди нөөмөтчү.
Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов МАИ кызматына кайрылып көрүүнү сунуштады.
Бул акыркы жарым жылдан бери Бишкек шаарында тез жардам жана милиция унааларынын катышуусундагы экинчи жол кырсыгы.
2012-жылдын августунда Октябрь районунун кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкери Улан Сыдыков БМВ үлгүсүндөгү унаасы менен тез жардам кызматынын кардиологиялык бригадасын келип сүзгөн.
Тез жардам унаасы жол жээгиндеги бакка барып урунган — кардиологдун билеги сынып, фельдшердин денеси сыйрылган, бейтап болсо эч нерсе болгон эмес.
ИИМ Сыдыковду ээлеген кызматынан бошоткон.
Президент Алмазбек Атамбаев унааны калыбына келтирүү үчүн өз фондунан 500 миң сом бөлүп берген.
Учурда дарыгерлер менен Сыдыковдун ортосунда соттук териштирүүлөр жүрүп жатат — дарыгерлер кырсык учурунда милиция кызматкери мас абалында болгондугун айтып жатышат.
Автор: Зарема Султанбекова