LIVE: «Ата-Журттун» лидерлеринин камактагы мөөнөтү узартылышы мүмкүн

 

Биринчи май райондук соту Башкы прокуратуранын «бийликти күч колдонуп басып алууга аракет кылган» деп шектелип жаткан «Ата-Журт» партиясынын лидерлеринин камактагы мөөнөттөрүн узартуу боюнча өтүнүчүн карап жатат. Башкы прокуратура комментарий берүүдөн баш тартты.

Kloop.kgге өздүк булактардан билдиришкендей, Биринчи май райондук соту маалымат каражаттарынан «жашырынып» оппозициялык «Ата-Журт» партиясынын лидерлери Камчыбек Ташиев менен Талант Мамытовдордун камактагы мөнөттөрүн узартуу чечимине келишкен.

Ишти кароо 13:00дө башталды.

Сот имаратын курчап турган милиция кызматкерлери кабарчыларды имараттын ичине киргизбей жатышат, деп билдирди Kloop.kgнин журналисти.

Саясатчыларды бир миңдей киши катышкан «Кумтөр» кенин улутташтыруу маселеси боюнча өткөн митингтин жүрүшүндө «бийликти күч колдонуп басып алууга аракет кылган» деген шек менен кармашкан.

Нааразычылык акциясынын катышуучуларынын бир бөлүгү парламент имаратын курчап турган тосмодон ашып өтүшкөн, бирок милиция тарабынан сүрүлүп чыгарылган. Тосмодон ашып өткөндөрдүн арасында «Ата-Журттун» лидери Камчыбек Ташиев дагы болгон.

Кийинчерээк ал тосмону ашып өткөндүгүнө өкүнүп жаткандыгын айтып, бирок өз дарегине айтылып жаткан айыптоолордун бардыгын четке кага тургандыгын кошумчалаган. Шектүү катары камакта жаткан саясатчылардын жактоочулары бир нече жолу «ата-журтчуларга» каршы козголгон кылмыш иши — «саясий иш» деп билдиришкен.

13:51 Токтосунов: «Кайдагы соттун отуруму? Билбейм, бизди[жактоочуларды] чакырышкан жок».

13:47 Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов учурда өтүп жаткан соттун отуруму тууралуу эч нерсе билбей тургандыгын айтты.

13:40 Имаратты курчап турган милиция кызматкерлери жыйын башталгандыгын жана болжол менен жарым саттан кийин аяктай тургандыгын билдиришти.

13:29 Жүздөн ашык милиция кызматкери Биринчи май райондук сотунун имаратын курчап, эч кимди киргизбей жатат, «Ата-Журттун» лидерлеринин баш коргоо чарасын узартуу боюнча соттун отуруму башталды.

13:24 Соттун имаратына эч кимди кое бербей жатышат. Милиция кызматкерлери соттун отуруму жабык эшик артында өтө тургандыгын айтышты.

Автор: Бермет Момункулова