Башкы прокуратура милиция кызматкерлери тарабынан «кыйноолор» болгондугу боюнча жазылган даттануу арызын карабай жатат

Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан «кыйноого» алынган адамдын апасы дээрлик бир айдан бери башкы прокуратура анын арызын карабай жаткандыгын айтууда. ИИМдин басма сөз кызматы ал адамдын «сабалгандыгы» тууралуу айтылган маалыматты четке кагып жатат. Башкы көзөмөлдөөчү орган жабыр тарткан адамдын арызындагы фактыларды текшермейинче арызды карабай тургандыктарын билдирди.

«Кыйноого» алынган Чүй облусунун Сокулук районундагы Ново-Павловка айылынын жашоочусу Ильхам Нураевдин апасы прокуратура 20 күндөн бери анын уулунун арызын карабай жаткандыгын айтып, акыйкатчыга даттанууда.

Нураев ноябрь айынын башында Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын бөлүм башчысы Марлис Жумабаев менен Ички иштер министрлигинин Чүй облустук башкармалыгынын тергөөчүсү Нурлан Жумакеевге каршы кылмыш ишин козгоо өтүнүчү менен Башкы прокуратурага кайрылган.

Өз арызында Нураев 1-ноябрда милиция кызматкерлери аны Баңгизатын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматта иштеген аталаш бир тууганына каршы көрсөтмө берүүгө «мажбурлашкандыгын» жазган.

«Мен Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз кармалдым. Алар мени бир суткадан ашык кабинетте кармап турушту, анда кылмыш иликтөө кызматкерлери мени ырайымсыздык менен уруп, кыйнап, биздин айылда 2010-жылы болгон талоончулук фактысы боюнча текстин бардыгын өздөрү окуп берип түшүндүрмө жаздырышты», — деп жазган Нураев арызында.

Анын апасы Хани Нураева Kloop.kgге уулунун тагдыры жөнүндө эки күн эч нерсе билбегендигин айтты. Кийинчерээк, ага белгисиз адам телефон чалып, уулу сүйлөшкүсү келип жаткандыгын билдирген.

«Уулум, апа, мени урушту, союлдар, өрт өчүргүч менен сабап, кыйноого алышты, пакеттер менен муунтушту. Көрсөтмөнү өздөрүнө керек болгондой кылып кыйноо жолу менен алышты деди» — деген Нураева.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы милиция кызматкерлеринин күнөөсү жоктугун билдирүүдө.

«ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери аны жөн гана кармап, көрсөтмө берүүгө мажбурлашкан, ал эми аны от өчүргүч менен сабады деген маалымат – толугу менен жалган», – деди басма сөз кызматынын кызматкери Эрнист Осмонбаев.

Ал Нураев иликтөө иштеринин жүрүшүндө кармалгандыгын жана анын талоончулукка тиешеси бардыгы аныкталгандыгын билдирди.

«Ал кыйноого алынган деген маалыматтардын бардыгы – бул тергөөнүнүн жүрүшүнө жасалган басым. Анын бул ишке гана эмес башка иштерге да тиешеси бардыгы далилденген», – деп кошумчалады Осмонбаев.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы учурда жабырлануучунун арызында көрсөтүлгөн фактылар боюнча экспертиза жүргүзүлүп жаткандыгын билдирди.

Мекеме экспертизанын жыйынтыктарын алгандан кийин гана даттануу арызын кароо же карабоо чечимин чыгарат, деп кошумчалады басма сөз кызматынын кызматкери.

Автор: Виктория Васильева

Редактор: Александра Ли