Бишкектин түндүк бөлүгү толугу менен газсыз калды

23-ноябрдан 24-ноябрга караган түнү Бишкектин Биринчи май району, Пригородный, Маевка айылдары жана «Дордой» базарынын айланасындагы булгаары заводунун аймагындагы жашоочулар газсыз калышты, деп билдирет «Кыргызгаздын» басма сөз кызматы.

Газ берүүнүн токтотулушуна — негизги түтүктөгү газ басымынын төмөндөшү жана Казакстан менен Өзбекстандын алдындагы карыз себеп болду, деди «Кыргызгаздын» басма сөз катчысы Жайнагүл Максимова Kloop.kgге берген маегинде.

«Казак тараптын нормалары боюнча, түтүктөгү газдын басымы 500 куб метрден төмөн болбошу керек, а учурда анын басымы 250 куб метр», — деди Максимова.

Ал мамлекеттик объектилер дагы газсыз калгандыгын кошумчалады.

«Алардын арасында бүгүнкү күнгө карата жалпы карызы 269 миллион сомду, же дээрлик 5,5 млн АКШ долларын түзгөн «Электр станциялары», «Бишкек турак-жай коммуналдык союзу», «Кыргыз турак жай коммуналдык союз» сыяктуу бир катар ишканалар бар» — деди «Кыргызгаздын» басма сөз катчысы.

Кыргызстандын казак жана өзбек камсыз кылып туруучуларынын алдындагы карызы эки жарым миллион АКШ долларынан ашык сумманы түзөт. Максимова кошумчалагандай, бул өлкө ичиндеги газ колдонуучулардын Кыргызстанга болгон карызынан эки эсеге аз.

«Учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Жакынкы эки-үч күндүн аралыгында газ кайрадан пайда болот деген үмүттөбүз», — деп билдирди басма сөз катчы.

Жашоочулардын нааразычылыгы

Пригородный айылынын жашоочусу Арсен Амиров газды 23-ноябрда, түндө өчүрүшкөндүгүн Kloop.kgнин кабарчысына билдирди.

«Тамак жасай албайбыз, анткени электр плитасына кубаттуулук жетишпей жатат», — деди Амиров.

Айылдын экинчи жашоочусу Акбар Шейшеналиев «Кыргызгазга» шилтеме жасап, газ карыздар үчүн өчүрүлгөндүгүн айтууда.

«Жакшылап түшүндүрбөстөн эле газды карыз үчүн өчүргөндүктөрүн айтышты. Мен карыз болбосом да, меникин карыз үчүн өчүрдү деп ойлодум. Газ берүү тезирээк калыбына келтирилсе экен», — деди Шейшеналиев.

Пригородный айылынын дагы бир жашоочусу Вячеслав Югай эгер газ берүү эки-үч күндүн аралыгында калыбына келтирилбесе ал арыз жазууга даяр экендигин айтты.

«Газ кечээтен бери жок, газ баллонун сатып алууну ойлонуп жатам. Кандай болсо да тамак жасаш керек да. Газ өчүп калгандыктан үй суук, жылуулук берүү жок», — деди Югай.

Автор: Шерзод Бабакулов

Редактор: Шахида Дүйшеева