Газ жетишпегендиктен Бишкектин түндүк бөлүгү менен чет жакасындагы айылдар электр жарыгысыз калды

Кыргызстандын түндүгүнө жаратылыш газын берүүнүн азайышы электр энергиясын күнүмдүк тиричиликке колдонуунун жогорулашына таасирин тийгизди. Трансформаторлор жүктөмдөрдү көтөрө албай жарактан чыгып калууда, деп билдирди «Түндүк электр».

Колдонуучулар газ берилбей калгандан кийин үйлөрүн жылытып, тамак даярдоо үчүн электр энергиясын колдоно башташты, деди «Түндүк электр» компаниясынын Тейлөөнүн сапаты борборунун кызматкери Темирбек Исмаилов.

«Болгон жүктөлүштүн бардыгы электр энергиясына туура келип жатат. Өтө көп жүк келгенде трансформаторлорго күч келип, алар автоматтык түрдө өчүп калып жатат. Газ өчүрүлгөн райондордо электр энергиясына күч келип жатат, биз жыштыкты жоготуп жарык өчүп калып атат», — деп түшүндүрдү Исмаилов.

Электр жарыгы Бишкектин Жибек-Жолу, Щербаков, Исанов жана Боталиев көчөлөрүндөгү үйлөрдө өчүрүлдү. Шаар четиндеги айылдар да электр жарыгы мезгил-мезгили менен өчүрүлүп жаткандыгын айтып, даттанышууда.

Ошондой эле электр жабдуулардын жүктөлүштөрү Токмокто, Аламүдүн районунун Төмөнкү Ала-Арча, Маевка жана Пригородный айылдарында байкалууда.

«Жабдуулардагы жүктөлүштөрдү азайтуу жана максималдуу жүктөм учурунда алардын бузулуп калышына жол бербөө максатында аталган райондордо электр жарыгы өчүрүлүшү мүмкүн», — деп жазылган «Түндүк электрдин» 26-ноябрда таркаткан билдирүүсүндө.

«Түндүк электр» — Кыргызстандын түндүгүн - Чүй, Талас облустарын, ошондой эле Бишкек шаарын электр энергиясы менен камсыз кылып турган компания.

Автор: Мария Гребнева