Жалал-Абад: Ала-Буканын жергиликтүү бийлиги жолдун боюндагы базарды жылдыра албай жатат

Ала-Буканын борборунда жума сайын жекшемби күнү болуучу жайма базары жүргүнчүлөрдүн жана автоууналардын жол кыймылына тосколдук алып келет. Жергиликтүү бийлик базарды жылдыруу боюнча токтом иштеп чыкса да маселе чечилбей келет.

Райондук кеңеш бул маселени сессияда карап, базар көчүрүү боюнча атайын чечим кабыл алса да, сатуучулар мурунку эле оорундарында сооданы улантышууда.

Ар жекшемби сайын Ала-Буканын Ленин жана Мамырбеков көчөлөрүнө 2000ге жакын соодагер товар жаят. Алардын жарымы жергиликтүүлөр, жарымы Аксы районунун борбору Кербен шаарынан келген сатуучулар.

Жуманын калган күндөрүнө салыштырмалуу бул күнү товар көп, үстүнө арзаныраак болгондуктан, алармандар да агылып келет.

Жергиликтүү тургун Камчыбек Камбаралиевдин айтымында, жекшемби күнү көчөдө соода кызып, коомдук унаалар токтоп калган учурлар көп кездешет:

«Бул жерде бардык нерсе аралаш сатылат. Кир жуугуч каражаттар менен кошо айыл чарба техникасы, жер-жемиштер, баары аралаш. Анын үстүнө ушул жерде автобекет да жайгашкан. Ал жерден машиналар кирип чыга албай, тыгын болот», —дейт Камбаралиев.

Бул маселени чечүү үчүн жергиликтүү бийлик 2010-жылы Ала-Буканын чет жагында жайгашкан мурдагы айыл-чарба техникасы ишканасынын ордун базар үчүн ажыраткан.

Райондук Кеңештин төрагасы Абдыбакы Мадраимовдун айтымында, сатуучулар ал жерде аз эле соода кылышып, кайра мурдагы оорундарына келип алышкан.

Депутаттардын токтому чыкса да жергиликтүү эл аны мыйзам катары кабыл албайт дейт төрага.

Анын айтуусунда жолдун боюнан айрым кишилер соодагерлер үчүн ижарага контейнерлерин берген.

«Базарды көчүрүп жиберсек, булардын бизнеси токтоп калат да. Анан акырын булар (контейнерлердин ээлери) сатуучуларды үгүттөшүп, кайра эски ордуларына чакырып алышууда, деп ойлоп жатабыз», — деди Мадраимов

Жергиликтүү бийлик жаңы базар үчүн ажыраткан жер Ала-Бука айыл округунун аймагында, азыркы иштеп жаткан базардан эки чакырымдай алыста жайгашкан. Айыл округунун башчысы Абдыкерим Максымбеков сатуучуларды ал жерге көчүрүү үчүн ар бири менен жекече сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн айтат.

Ар бири менен сүйөшүп чыктык. Алар көчүп барып, иштегенге макул да болушту. Бирок, ал жака адамдар барбай коюшту. Бул жактан эле магазиндерден керектүүсүн алып, тигил жаны базарда соода болбой калды. Ушундан улам, булар кайра келип алышты да, —дейт Максымбеков.

Айыл округ башчысынын айтканын сатуучулар да тастыкташат. Бирок алар негизги маселе бул эместигин, ал жакта соода кылууга шарттын жоктугун айтышты.

Насиба айым жаңы базарга барыш үчүн эки эсе жолкире төлөгөнгө туура келээрин билдирди.

«Шарт жок да ал жакта. Ашканалар жок. Андан сырткары, биз автобекетке келип, анан Дамаска отуруп ал жака барышыбыз керек. Кийим базары наркы чекеде, жемиш базары бул чекеде. Алармандар да сумкаларын көтөрүп, тияктан бияка салпактап жүрүшөт да», —деп айтты Насиба.

Сүрөттө Ош базары