«Ата-Журттун» лидерлеринин «бийликти басып алуу» аракети боюнча тергөө аяктады

Депутаттар Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов жана Садыр Жапаровдордун үстүнөн козголгон кылмыш иштерин тергөө аяктады, деди башкы прокурор Аида Салянова. Алар «бийликти күч колдонуп басып алууга» аракет кылган деген шек менен кармалышкан. Саясатчылардын жактоочулары тергөөнүн аяктагандыгы жөнүндө билишпейт.

Депутаттарга эки айга созулган тергөө иштеринин жыйынтыгы соттун 26-ноябрдагы отурумунда жарыяланышы керек болчу, деди башкы прокурор Аида Салянова Kloop.kgге берген маегинде.

Соттун ал жыйынында Биринчи май райондук соту Башкы прокуратуранын«Ата-Журттун» лидерлеринин камактагы мөөнөтүн узартуу өтүнүчүн карашы керек болчу.

Салянова депутаттардын камактагы мөөнөтүн узартуунун зарылчылыгын тергөө иштеринин жыйынтыктары менен таанышуу үчүн жактоочуларга убакыттын керек болгондугу менен түшүндүрдү.

Депутат Садыр Жапаровдун камактагы мөөнөтү 3-январга чейин узартылды, деп билдирди Биринчи май райондук сотунун төрагасынын орун басары Адылбек Эсенбаев.

Бирок ал кошумчалагандай, сот отуруму кыска гана убакытка созулган жана аны калган саясатчылардын жактоочулары келбегендиктен 27-ноябрга жылдырууга туура келген.

Ташиев менен Жапаровдун жактоочулары тергөө иштеринин аяктагандыгы тууралуу эч нерсе билбей тургандыктарын айтышты.

«Кайдагы сот жыйыны? Билбейм, бизди[жактоочуларды]чакырышкан жок», – деди Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов Kloop.kgге берген маегинде.

Ал Биринчи май райондук сотунун бул чечимин «мыйзамсыз» деп атап, ал боюнча даттана тургандыгын кошумчалады. Анын пикиринде, депутаттын камактагы мөөнөтүн узартуу үчүн Жапаровдун үч жактоочусун тең чакырышы керек болчу.

Саясатчылар бир миңдей киши катышкан «Кумтөр» кенин улутташтыруу маселеси боюнча өткөн митингтин жүрүшүндө «бийликти күч колдонуп басып алууга аракет кылган» деген шек менен кармалышкан.

Нааразычылык акциясынын катышуучуларынын бир бөлүгү парламент имаратын курчап турган тосмодон ашып өтүшкөн, бирок милиция тарабынан сүрүлүп чыгарылган. Тосмодон ашып өткөндөрдүн арасында «Ата-Журттун» лидери Камчыбек Ташиев дагы болгон.

Кийинчерээк ал тосмону ашып өткөндүгүнө өкүнүп жаткандыгын айтып, бирок өз дарегине айтылып жаткан айыптоолордун бардыгын четке кага тургандыгын кошумчалаган.

Шектүү катары камакта жаткан саясатчылардын жактоочулары бир нече жолу «ата-журтчуларга» каршы козголгон кылмыш иши — «саясий иш» деп билдиришкен.

Автор: Нуржамал Жаныбекова

Редактор: Александра Ли