Бишкек: ИИМ милиция кызматкери тарабынан БШК имаратынан бюллетендердин алынып чыккандыгы тууралуу маалыматты четке какты

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы Бишкек шаардык кеңешин шайлоодо милиция кызматкери БШК имаратынан бюллетендерди алып чыгып кетүүгө аракет жасагандыгы тууралуу активист Азиз Хасановдун билдирүүлөрүн четке какты.

Хасановдун милиция кызматкери БШК имаратынан бюллетендерди алып чыгып кетүүгө аракет кылган деген маалыматы – чындыкка дал келбейт, деп билдирди Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

Мекеменин басма сөз кызматынын аты-жөнүн билдиргиси келбеген кызматкеринин айтымында, ички коопсуздук кызматы билдирүү боюнча текшерүү жүргүзгөн жана активист айткан маалыматтар далил тапкан эмес.

«Биз аны менен байланышканыбызда Хасанов жакшылап эч нерсе түшүндүрө албай, айткан фактылары боюнча эч кандай далилдерди көрсөтө алган жок», – деп билдирди басма сөз кызматы.

Мекеменин маалыматы боюнча, активист тарабынан интернетке жайгаштырылган сүрөттө бюллетендерди тилкеден алып чыгып бара жаткан учур эмес, алып кирип бара жаткан учур тартылган.

«Андагы кутуларды тескерисинче, тилкелик шайлоо комиссиясына алып кирип жатышат. Ал дал ушул учурду тартып алыптыр, бул жерде кайдагы мыйзам бузуу, кана алып чыгып бара жатканы? Муну менен ал эмнени айткысы келгендигин түшүнбөй жатабыз», – деди басма сөз кызматынын кызматкери.

Азырынча ИИМ Хасановго карата кандайдыр бир чара колдоноор-колдонбостугун билбейт. Текшерүү иштери уланып жатат, деп кошумчалады басма сөз кызматынын кызматкери.

Активист милиция кызматкеринин БШК имаратынан бюллетендерди алып чыгып жаткандыгы тартылган видео жакында интернетте пайда боло тургандыгын Kloop.kgнин кабарчысына билдирди.

25де Хасанов имараттан шайлоо бланкалары бар кутулардын алынып кетишине бөгөт койду, деп жазат «24.kg» маалымат агенттиги активистке шилтеме жасап.

«БШКда болуп жаткандардын бардыгы бурмалоо үчүн жасалган аракеттер. Аны менен бирге буга укук коргоо органдары эч тоскоолдук кылбай эле», – деп жазат маалымат агенттиги Хасановдун сөздөрүн.

Шаардык жана айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоо 25-ноябрда өттү. Бишкек шаардык кеңешин шайлоого 23 саясий партиядан эки миңдей талапкер катышты. Болжолдуу маалыматтар боюнча КСДП партиясы эң көп добушка ээ болгон.

Автор: Александра Ли