Кулов шайлоодогу «мыйзам бузууларга» байланыштуу парламенттик коалициянын төрагалыгынан баш тартты

«Ар-Намыс» партиясынын лидери Феликс Кулов Бишкек шаардык кеңешин шайлоодогу «мыйзам бузуулар» үчүн парламенттик коалициянын төрагалыгынан кете тургандыгын айтты, деп билдирди анын партиялашы. Партиянын штабы менен парламентарийдин өзү комментарий алуу үчүн жеткиликсиз болууда.

«Ар-Намыс» фракциясынан депутат Дастан Бекешев өзүнүн твиттер-эккаунтунда Кулов «Ырыс алды – Ынтымак» парламенттик коалициясынын төрагалыгынан кетүү чечимин кабыл алгандыгын жазган.

«Феликс Кулов Бишкек шаардык кеңешин шайлоодогу мыйзам бузуулар жана административдик ресурстун колдонулгандыгына байланыштуу коалициянын төрагалыгынын ыйгарым укуктарын өткөрүп берет», деп жазган Бекешев.

«Ар-Намыс» фракциясынан депутат Кубанычбек Туманов Кулов фракциянын жыйынында ал кызматтан кеткендиги тууралуу расмий билдиргендигин Kloop.kgге айтты.

«Ырыс алды – ынтымак» коалициясынын курамына парламенттин 69 депутаты кирет – алардын 26сы КСДПдан, 25и «Ар-Намыстан» жана 18и «Ата Мекенден».

Коалиция курамына «Республика», «Ата Мекен», «Ар-Намыс» жана КСДП фракциялары кирген буга чейинки «Биримдик» коалициясы таркагандан кийин, 3-сентябрда негизделген.

«Биримдик» коалициясы 22-августта, анын курамынан «Ар-Намыс» жана «Ата Мекен» фракциялары чыгып кеткенден кийин таркаган.

«Ата Мекен» фракциясы анда премьер-министр кызматындагы «Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабановду 1 миллион АКШ долларына бааланган аргымакты пара катары алган, бул үчүн ал Бишкектин жанындагы «Манас» аэропортуна жаңы, 12 миллион АКШ долларына бааланган аэронавигациялык мунара курууга уруксат берген, деп күнөөлөгөн.

Өз кезегинде «Республика» «Ата Мекендин» лидерлерин 2010-жылдагы апрель революциясы маалындагы талап-тоноочулукту уюштурган деп айыптаган.

Лидери Өмүрбек Бабанов болуп эсептелген «Республика» оппозияда калып, «Ата-Журт» партиясы менен бириккен - алар парламенттеги «Мыйзамдуулук жана адилеттүүлүк» азчылык коалициясын түзүшкөн.

Автор: Шахида Дүйшеева

Сүрөт «Азаттык» радиосунун сайтынан алынды