«Республика»: чуулуу видеону атайын кызматтагылардын тыңчылары тарткан

«Республика» партиясы аларды мыйзам бузуу схемасын уюштурууга айыптаган видеону «бийликчил партиянын» бурутмасы менен атайын кызматтагылардын тыңчылары тарткандыгы тууралуу билдирүү таратты. Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер болгон роликтин негизи каарманы Наргиза Ажыбаева жоголуп кетти, деп билдирди «Республика». Видео Бишкек шаардык прокуратурасына чейин жетти.

«Республика» Наргиза Ажыбаевага окшогон айымдын Бишкектин бир нече шайлоо тилкелеринде «карусель» схемасын уюштурууну талкуулап жаткандыгы тууралуу видеону «чагымчылдык» деп атады.

«Ал чуулу, чагымчыл видео «Республиканын» Бишкек боюнча шайлоонун жыйынтыгын кайра санап чыгуу талабына жооп катары партиянын беделин түшүрүү үчүн атайын кызматтагылар тарабынан тартылып, жарыяланган», — деп жазган партия өз сайтында.

«Республиканын» версиясы боюнча, атайын кызматтын тыңчылары алардын штабындагыларга тымызын кошулуп Ажыбаевага «карусель» схемасын сунушташкан.

«Республика» видеодо сөз болуп жаткан шайлоо тилкелеринин жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылды — ал тилкелерде ири айырмачылык менен бийликчил Кыргызстандын социал-демократтар партиясы жеңишке жеткен.

«Республика» Ажыбаеваны издеп таппай жатат

«Партия Ажыбаеваны издеп таппай жатат жана анын коопсуздугу боюнча жоопкерчилик ал видеону тартып алып, бул чагымчылдыкты уюштургандарга жүктөлөт», — деп жазылган партиянын сайтында.

Kloop.kg да Ажыбаева менен байланыша албай жатат — анын телефону өчүрүлүү болууда.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Памир Асанов «карусель» схемасы боюнча түшүндүрмө алуу үчүн Ажыбаеваны милицияга чакыра тургандыктарын айтты, деп жазат «Вечерний Бишкек» гезитинин интернет-басылмасы.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы чуулу видеону алардын тыңчылары тарткандыгы тууралуу маалыматты ырастаганда да, төгүндөгөн да жок.

«Учурда бизде маалымат жок. Бул Башкы прокуратуранын көзөмөлүндө, укуктук бааны ошолор бериши керек. Муну далилдеш да керек», — деди басма сөз кызматынын кызматкери Kloop.kgге берген маегинде.

«Биз таза иштегенге аракет кылганбыз»

26-ноябрда «Билайв» видео сервисинде «Республика» партиясынан талапкер Наргиза Ажыбаевага окшогон айым тарабынан Бишкек шаарында эки шайлоо тилкесинде «карусель» ыкмасын колдонуу маселеси талкууга алынып жаткан видео пайда болгон.

Негизинен, биз саат бешке чейин максималдуу түрдө таза иштөөгө аракет кылдык, бирок кырдаал көзөмөлдөн чыгып бара жатат, саат 7де тилке жабылат, биз азыр өз кишилерибизди киргизе баштайбыз», — деген видеодо Ажибаевага окшогон айым.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо Кыргызстандагы бийликчил Социал-демократтар партиясы жеңишке жетти.

Бишкек шаардык прокуратурасы «Республика» партиясынан карусель» аттуу видеону текшерип жатат.

Автор: Зарема Султанбекова