Видео: «Республика» партиясынын мүчөлөрүнө окшогон адамдар «карусель» ыкмасын колдонууну пландап жатышат

«Билайв» видео сервисинде «Республика» партиясынын мүчөлөрүнө окшогон адамдар тарабынан Бишкек шаардык кеңешин шайлоодо «карусель» ыкмасын колдонуу маселеси талкууга алынып жаткан видео пайда болду. Партиянын штабынан ал видео ролик боюнча кийинчерээк комментарий бере тургандыктарын айтышты.

Видеону көрүү

myrkkk аттуу интернет колдонуучу «Билайв» видео сервисине «Республика» партиясынан карусель» деген аталыштагы видеону жайгаштырган. Анда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына республикачы талапкер Наргиза Ажыбаевага окшогон адам №1008чи жана №1006чы тилкелеринде «карусель» ыкмасын пайдаланууну пландап жаткандыгы тартылган.

«Биринчи кезекте силер буга психологиялык жактан даяр болушуңар керек. Негизинен, биз саат бешке чейин максималдуу түрдө таза иштөөгө аракет кылдык, бирок кырдаал көзөмөлдөн чыгып саат 7де тилке жабылат, анан биз өз кишилерибизди киргизе баштайбыз», — деп Ажибаевага окшогон айым бөлмөгө чогулгандарга кайрылгандыгы тартылган.

Андан кийин ал «каруселдин» катышуучуларына №1006 тилкесиндеги шайлоо комиссиясынын мүчөсү Элнура эжеге кайрылуулары керектигин түшүндүргөн.

«Ал шайлоочулардын тизмесинде “н” тамгасынан “т” тамгасына чейинки тамагаларды карайт. Силер аталган тамгалардын ортосундагы бир тамганы ойлоп тапкыла», — дейт видеодо «Республика» партиясынын талапкери.

«Карусель» ыкмасынын катышуучулар өз комиссия мүчөсүнө «Тилке саат канчада жабылат?» деген сыр сөздү айтуулары керек болгон.

Маркирлөө белгилерин өчүрдүңөрбү?

Андан соң чогулгандарга Ажыбаевага окшогон айым маркирлөө белгилерин өчүрүү буйругун берген.

«Биз башка ысым, башка фамилия менен киребиз. Силер бүгүн шайлагансыңар да, маркирлөө белгисин бардыгыңар өчүрдүңөрбү? Ацетон менен сүрттүңөрбү? [...] Тигил жерден Элнура эжеге киребиз», — деген соң видео бүтүп калган.

Kloop.kgнин кабарчылары видео тууралуу комментарий алуу үчүн Ажыбаева менен байланыша алган жок — анын телефону өчүрүлгөн болуп чыкты.

«Республика» партиясынын басма сөз кызматынын кызматкери видеону көргөндүгүн, бирок азырынча ал боюнча комментарий бере албастыгын Kloop.kgге билдирди.

Партия видео боюнча өз позициясын 27-ноябрь күнү кечке чейин билдирет, деди ал.

Боршайкомдун сайтындагы маалыматтарга ылайык, видеодо сөз болуп жаткан №1006 тилкесинде 46 пайыз добушка ээ болуп КСДП жеңишке жеткен, а «Республика» болгону 16 пайыз добуш алган.

«Республика» жөнүндө айтылган №1008 шайлоо тилкесинде партия КСДПдан эки эсе аз добуш алган.

Кыргызстандагы бийликчил Социал-демократтар партиясы Бишкек шаардык кеңешин шайлоодо жеңишке жетти — бюллетендердин 90 пайызы саналып бүткөн соң ал 32% пайыз добушка ээ болду, бул оппозициялык «Республика» партиясы алган добуштан дээрлик эки эсеге көп. Өз кезегинде «Республика» добуш берүү учурунда бийликчил партия тарабынан «көп сандаган мыйзам бузуулар» болгондугун билдирди.

Автор: Зарема Султанбекова