«Ар-Намыс» көпчүлүк коалициясынын курамынан чыгуу маселесин карайт

«Ар-Намыс» партиясынын лидери Феликс Кулов Бишкек шаардык кеңешин шайлоодогу «мыйзам бузуулар» үчүн парламенттик коалициянын төрагалыгынан кетти. Анын партиясы парламенттеги көпчүлүк коалициясынын курамынан чыгуу маселесин карайт, бул өкмөттүн таркашына алып келиши мүмкүн.

Кулов өзүнүн парламенттик фракциясынын жыйынында башкаруучу коалициянын лидери болууга «моралдык укугу жок экендигин» билдирди.

«Коалициянын лидери болууга менин моралдык укугум жок. Менин коалициядан көңүлүм калган жок, бирок түшүнсөңөр, алар бетибизге түкүргөндөй эле болду», – деди «Ар-Намыстын» лидери партиялаштары менен жолугушуусунда.

Куловдун кеткендиги тууралуу эң биринчилерден болуп «Ар-Намыс» фракциясынан депутат Дастан Бекешев 27-ноябрь күнү күндүз эле өзүнүн «Твиттердеги» эккаунту аркылуу билдирген.

«Феликс Кулов Бишкек шаардык кеңешин шайлоодогу мыйзам бузуулар жана административдик ресурстун колдонулгандыгына байланыштуу коалициянын төрагалыгынын ыйгарым укуктарын өткөрүп берет», деп жазган Бекешев.

Куловду дароо эле бир нече партиялаш депутаттар колдоп чыгып, көпчүлүк коалициясынын курамынан чыгуу маселесин кароого даяр экендиктерин билдиришти.

Парламентарий Турсунбай Бакир уулу биринчилерден болуп август айынын аягында таркап кеткен буга чейинки коалициядан кийин негизделген альянстын курамынан чыгууну сунуштады.

«Коалицияда эч нерсе кыла албастыгыбызды айтып, колдору менен бизди көрсөтө башташат. Кийинки шайлоодо болсо биз менен буттарын сүртөт», — деди Бакир уулу.

Аны эң аз дегенде коалициядан чыгууга даяр экендиктерин билдирген Анвар Артыков, Дастан Бекешев жана Каныбек Осмоналиевдер колдошту.

«Турсунбай Бакир уулуна мен дагы кошулам. Биздин БШКны бир нерсе кылуу керек. Ал жерде биздин квоталар бар, бирок биз ал квоталардан эч нерсе колдонбойбуз. Бул жердегилердин көпчүлүгү өздөрүн бул коалициянын шериги катары сезбей эле», — деди Бекешев.

Бирок Кулов бул чечимди кабыл алууда шашпай турууга чакырып, коалициядан чыгуу маселесин апта аягына чейин боло турган фракциянын кийинки жыйынына калтырууну сунуштады.

«Келгиле компромисстик чечим кабыл алабыз. Бардыгы тынчыгандан кийин чогулалы», — деди Кулов.

25-ноябрда өткөн Бишкек шаардык кеңешин шайлоодо «Ар-Намыс» партиясы 7 пайыздык тоскоолдуктан өтпөй калган.

«Ар-Намысчылар» шайлоо көптөгөн мыйзам бузуулар менен өттү деп эсептейт.

Коалиция таркап кетиши мүмкүн

Парламенттеги социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков «Ар-Намыстын» коалициядан чыгуусу бул «алардын укугу» деди Kloop.kgнин журналистине.

«Биз буга чейин кандай иштеп келсек, ошондой эле иштей беребиз», — деди Турсунбеков.

Бирок «Ар-Намыс» коалициядан чыкса ал автоматтык түрдө таркап кетет.

Учурдагы «Ырыс алды – ынтымак» көпчүлүк коалициясынын курамына парламенттин 69 депутаты кирет – алардын 26сы КСДПдан, 25и «Ар-Намыстан» жана 18и «Ата Мекенден».

Эгер «ар-намысчылар» чыгып кетсе көпчүлүк коалициясында парламенттеги 120 депутаттын 44ү гана калат.

«Ар-Намыс» августта парламенттик коалициянын таркашын демилгелеп, жаңысын негиздеген партиялардын бири.

Куловдун бүгүнкү чечимине чейин партия Кыргызстандагы бийликчил Социал-демократтардын союзниги болуп эсептелип келген.

Автор: Шахида Дүйшеева

Редактор: Александра Ли