Бишкектин түндүк бөлүгүнө газ аз-аздан бериле баштады

24-ноябрда өчүрүлгөн Бишкектин түндүк бөлүгүндөгү алты көчөгө жаратылыш газы бериле баштады, деп билдирди «Кыргызгаздын» Бишкек өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы. Азырынча борбордун түндүк тарабындагы калган райондорго газ берүү калыбына келтириле элек.

Газ Ганди, Фере, Щербаков, Васильев, Можайск жана Саадаев көчөлөрүнүн жашоочуларына бериле баштады.

«Кыргызгаздын» Бишкек өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Жайнагүл Максимова Kloop.kgге берген маегинде аталган көчөлөргө жаратылыш газын берүү 27-ноябрда калыбына келтирилгендигин айтты.

«Бул райондорго электр энергиясын берүүдө ар дайым көйгөй жаралып келген. Ошондуктан жашоочулар кыйналбасын деп газдын деңгээлин жогорулатууну чечтик», – деди басма сөз катчы.

Ал Казакстандан газ алып келүүдөгү көйгөйлөр дагы деле чечиле электигин жана аталган көчөлөргө газ берүү башка колдонуучулардын эсебинен ишке ашырылгандыгын айтты.

«Көйгөйлүү аймактардын жашоочуларына тамак жасап, тиричилик көйгөйгөйлөрүн чечип алуусу үчүн газ бере баштадык, бирок ал үчүн кайсы бир жерлердеги газдын басымын төмөндөтүүгө туура келди. Казакстандан газ келбей эле», – деди Максимова.

Газ борбордун Биринчи май районунда, ошондой эле Пригородный, Маевка айылдарында жана «Дордой» базарынын жанындагы булгаары заводунун айланасында 23-ноябрдан 24-ноябрга караган түнү өчүрүлгөн. Ага негизги түтүктөгү газ басымынын төмөндөшү жана Казакстан менен Өзбекстандын алдындагы карыз себеп болгон.

Кыргызстандын казак жана өзбек камсыз кылып туруучуларынын алдындагы карызы эки жарым миллион АКШ долларынан ашык сумманы түзөт. Максимова кошумчалагандай, бул өлкө ичиндеги газ колдонуучулардын Кыргызстанга болгон карызынан эки эсеге аз.

Газды берүүнү калыбына келтирүү боюнча Казакстан менен болгон сүйлөшүүлөр азырынча эч кандай жыйынтык бере элек.

Жашоочулардын нааразычылыгы

Пригородный айылынын жашоочусу Арсен Амиров газды 23-ноябрда, түндө өчүрүшкөндүгүн Kloop.kgнин кабарчысына билдирди.

«Тамак жасай албайбыз, анткени электр плитасына кубаттуулук жетишпей жатат», — деди Амиров.

Айылдын экинчи жашоочусу Акбар Шейшеналиев «Кыргызгазга» шилтеме жасап, газ карыздар үчүн өчүрүлгөндүгүн айтууда.

«Жакшылап түшүндүрбөстөн эле газды карыз үчүн өчүргөндүктөрүн айтышты. Мен карыз болбосом да, меникин карыз үчүн өчүрдү деп ойлодум. Газ берүү тезирээк калыбына келтирилсе экен», — деди Шейшеналиев.

Пригородный айылынын дагы бир жашоочусу Вячеслав Югай эгер газ берүү эки-үч күндүн аралыгында калыбына келтирилбесе ал арыз жазууга даяр экендигин айтты.

«Газ кечээтен бери жок, газ баллонун сатып алууну ойлонуп жатам. Кандай болсо да тамак жасаш керек да. Газ өчүп калгандыктан үй суук, жылуулук берүү жок», — деди Югай.

Редактор: Александра Ли

Фото: Бектур Искендер