Иштамберди кениндеги фабрика калдыктарды сактоочу жайынын «кризистик» абалы тууралуу маалыматты четке какты

«Фулл Голд Майнинг» компаниясынын вице-президенти Азамат Гуйлашев фабрика калдык сактоочу жайынын «кризистик» абалы үчүн иштебей калды деген мамлекеттик инспекциянын маалыматын четке какты. Ал сактоочу жайдын абалы «жакшы» экендигин айтты.

Алтын өндүрүүчү компания мамлекеттик инспекция билдирип жаткандай калдыктарды сактоочу жайдын «кризистик» абалы үчүн эмес, электр энергиясынын жетишсиздигинен улам иштебей эле, деди Гуйлашев.

«Фабрика Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөрдөн кийин жабылган деген маалымат чындыкка дал келбейт. Фабрика текшерүүгө чейин эле - электр энергиясынын жетишсиздигинен улам ишин токтоткон», — деди компаниянын жетекчилеринин бири.

Вице-президенттин айтымында, текшерүүнүн жүрүшүндө «майда» гана эреже бузуулар аныкталган.

«Кайсыл бир жерлеринде түтүктөрү сырдалган эмес дегендей. Калдык сактоочу жайдын шарты долбоордук чечимдерге дал келет», – деди Гуйлашев.

Иштамберди кениндеги алтын өндүрүүчү фабрика ишин 2013-жылдын апрель айында кайрадан баштайт.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын версиясы боюнча, «Фулл Голд Майнинг» компаниясынын калдыктарды сактоочу жайындагы химикаттар андан агып чыгып кетиши мүмкүн, деп билдирет «Тазабек» маалымат агенттиги инспекция директору Осмонбек Артыкбаевге шилтеме жасап.

«Калдыктарды сактоочу жай айлана-чөйрө менен калкты өзгөчө кырдаалдардан коргоо тармагындагы өндүрүштүк коопсуздуктардын талаптарына, калктын санитардык-эпидемиологиялык саламаттыгына, экологиялык коопсуздуктун, ошондой эле мамлекеттик стандарттардын талаптарына жооп бербейт», – деп жазат маалымат агенттиги Артыкбаевдин айткандарын.

«Тазабек» агенттигине басылып чыккан маалыматка ылайык, мамлекеттик инспекция калдыктарды сактоочу жайдын ишин нормаларга толук жооп бергенге чейин убактылуу токтоткон.

Бийликтегилер 2012-жылдын май айында эле калдыктарды сактоочу жайлардан химикаттардын агып чыгып жаткандыгы үчүн фабриканын ишин токтото турууга аракет кылышкан, бирок кендин иши токтогон эмес.

Автор: Мария Гребнева

Редактор: Александра Ли