Кара- Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтүндөгү жергиликтүү шайлоодо №5245 участогунун шайлоочулары жана депутаттыкка талапкерлери мыйзам бузуулар болгон деп шайлоону жокко чыгаруусун талап кылышууда. БШК мыйзам бузууларды сот чечет деп билдирди.
Шайлоочулардын айтуусунда, 25-ноябрда болгон жергиликтүү шайлоодо № 5245 участогунда бюллютендердин сыртка чыгарылган, милиция кызматкерлери шайлоонун байкоочуларын участокко киргизбеген, шайлоо аягына чыкпай туруп бюллютендер жетишпей калган.
Мунун айынан 27-ноябрда нааразы болгон 200 дөн ашык тургун Кара-Суу районуна караштуу Учар айлында митингке чыккан.
Депуттатыкка талапкерлердин байкоочусу Гүлчехра Кулматова kloop.kgге берген маегинде, шайлоо учурунда комиссиянын эсептөөсүндө, 8 миң бюллютен ашыкча болгон деп билдирди.
«Эшиктин алдында башка лидерлер балдарын коюп коюшуп, башка шайлоочуларды киргизбей жатышты. Байкоочуларды милициялар алып чыгып таштады. Милициялар чыга турган жактан өздөрүнүн таныштарын ондон-ондон киргизип жатышты»,-деди Кулматова.
Райондук ИИБнын башчысы Роман Арзыкулов өздүк курам боюнча орун басары бул күнөөлөрдү четке какты.
«Жок андай болгон жок. Бизде эч аралашпай турган болгон. Бир гана коомдук тартип боюнча. Байкоочуларды киргизбей коюшка биздин укукгубуз жок. Биз тартип бузулган учурда жооп беребиз. Шайлоого киргизбей коюш же бирден киргизиш андайга биздикилер аралашпайт»,—деп билдирди.
Жергиликтүү кеңешке депутаттыка талапкерлигин койгон Сейил Тургунбаеванын айтуусунда, шайлоо аяктабай туруп бюллютендер түгөнүп калган.
«Мыйзам бузуулар болду ошол учурда акт түзүлдү. Одоно мыйзам бузууларга жол коюлду бул жерде. Сыртта ар кандай мыйзам бузуулар болуп жатты», —дейт Тургунбаева.
Ал эми Кара-Суу районунун шайлоо комиссиясынын төрөгасы Дыйканбай Даминов, өзү барган учурда мыйзам бузууларга күбө болбогону менен түшкөн даттануулардын негизинде добуштар жокко чыгырылышы мүмкүндүгүн айтты.
«Бирок биз барган учурда эч кандай мыйзам бузуулар болгон жок. Мен уктум ал жерде мыйзам бузуулар болуптур. Арызы турат, аны карайбыз. Менин оюмча шайлоо бузулат», —дейт аймактык шайлоо комисиясы.