Казакстан менен газ берүү тууралуу болгон сүйлөшүүлөр азырынча эч жыйынтык бере элек

Өлкөгө жаратылыш газын берип турган Казакстандын алдындагы карызы үчүн Кыргызстандын түндүк бөлүгү дагы деле газсыз калууда. Бишкектин Биринчи май району дээрлик толугу менен, Пригородный, Маевка айылдары жана булгаары заводунун айланасында газ берүү калыбына келтириле элек.

«КыргызГаз» Кыргызстандын түндүгүнө жаратылыш газын берүү качан калыбына келтирилээрин билбейт, деди компаниянын басма сөз катчысы Жайнагүл Максимова.

«Казтрансгаз» менен жакынкы күндөрдүн аралыгында [газ берилип жаткан түтүктөгү] басымды жогорулатуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Газ бериле баштайт деп үмүттөнүп жатабыз», — деди Максимова.

«Казтрансгаз» компаниясынын кабыл алуу бөлүмүнөн Кыргызстан жаратылыш газын берүүнү калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү бүгүн, 28-ноябрда гана баштагандыгын билдиришти - газ берүү 23-ноябрь күнү түндө эле үзгүлтүккө учурай баштаган.

Бишкектин түндүк бөлүгүндөгү Ганди, Фере, Щербаков, Васильев, Можайск жана Саадаев көчөлөрүнө газ берүү 27-ноябрда толук эмес калыбына келтирилген.

Андагы газ берүүнү башка аймактардагы колдонуучулардын түтүктөрүндөгү басымды азайтуунун эсебинен калыбына келтиришкен.

«Бул райондорго электр энергиясын берүүдө ар дайым көйгөй жаралып келген. Ошондуктан жашоочулар кыйналбасын деп газдын деңгээлин жогорулатууну чечтик», – деди басма сөз катчы.

Кыргызстандын казак жана өзбек газ жеткирүүчүлөрүнүн алдындагы карызы эки жарым миллион АКШ долларынан ашык сумманы түзөт. Максимова кошумчалагандай, бул өлкө ичиндеги газ колдонуучулардын Кыргызстанга болгон карызынан эки эсеге аз.

Жашоочулардын нааразычылыгы

Пригородный айылынын жашоочусу Арсен Амиров газды 23-ноябрда, түндө өчүрүшкөндүгүн Kloop.kgнин кабарчысына билдирди.

«Тамак жасай албайбыз, анткени электр плитасына кубаттуулук жетишпей жатат», — деди Амиров.

Айылдын экинчи жашоочусу Акбар Шейшеналиев «Кыргызгазга» шилтеме жасап, газ карыздар үчүн өчүрүлгөндүгүн айтууда.

«Жакшылап түшүндүрбөстөн эле газды карыз үчүн өчүргөндүктөрүн айтышты. Мен карыз болбосом да, меникин карыз үчүн өчүрдү деп ойлодум. Газ берүү тезирээк калыбына келтирилсе экен», — деди Шейшеналиев.

Пригородный айылынын дагы бир жашоочусу Вячеслав Югай эгер газ берүү эки-үч күндүн аралыгында калыбына келтирилбесе ал арыз жазууга даяр экендигин айтты.

«Газ кечээтен бери жок, газ баллонун сатып алууну ойлонуп жатам. Кандай болсо да тамак жасаш керек да. Газ өчүп калгандыктан үй суук, жылуулук берүү жок», — деди Югай.

Автор: Шерзод Бабакулов

Редактор: Александра Ли