Ташиев дагы бир ай камакта болот

«Бийликти күч колдонуп басып алууга» аракет кылган деген шек менен кармалган оппозициялык «Ата-Журт» партиясынын лидери Камчыбек Ташиев тергөө абагына 3-январга чейин калтырылды. Саясатчынын жактоочусу соттун мындай чечими менен макул эмес.

Биринчи май райондук соту «Ата-Журттун» башчысынын камактагы мөөнөтүн узартуу боюнча чечимди Башкы прокуратуранын өтүнүчүнөн кийин кабыл алды. Көзөмөлдөөчү орган соттук териштирүүлөр башталгандан бери Ташиевдин күнөөсү бар деп билдирип, далилдөөгө аракет кылууда.

Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов Kloop.kgге берген маегинде Башкы прокуратура «Ата-Журттун» лидери өлкөдөн чыгып кетиши мүмкүн деп чочулап жаткандыгын айтты. Оппозиционер саясатчы үстүбүздөгү жылдын октябрь айында өткөн митинг учурунда «бийликти күч колдонуп басып алууга» аракет кылган деп айыпталып жатат.

Коргоочунун айтымында, сот ал жактоого алган депутаттын абалынын «начардыгы» жөнүндөгү медициналык маалым катты кошуп койгон - Ташиев дарегине айтылган айыптоолорго карата каршылыгын көрсөтүп, октябрь айынын ортосунан аягына чейин тамак ичүүдөн баш тарткан.

«Бизде мен жактоого алган депутаттын ашказанында жара бардыгы тууралуу медициналык маалым кат бар, анда ал ооруканага жатып дарыланууга муктаж экендиги жазылган. Биз ошондой эле психо-психиатриалдык экспертизанын жыйынтыктарын да эске алуусун өтүндүк [...] Биз аны менен макул эмеспиз, соттун буларды эске албагандыгы камакка алуунун мыйзамсыздыгын дагы бир жолу ырастап жатат», – деди жактоочу.

«Ата-Журттун» лидеринин «бийликти басып алуу» аракети үчүн кармалган партиялаштары — парламенттин вице-спикери Талант Мамытов менен депутат Садыр Жапаровдордун камактагы мөөнөттөрү да 3-январга чейин узартылды.

Мамытов үй камагында калат, ал эми Жапаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында болот.

Үч саясатчы тең бир миңдей киши катышкан «Кумтөр» кенин улутташтыруу маселеси боюнча өткөн митингтин жүрүшүндө «бийликти күч колдонуп басып алууга аракет кылган» деген шек менен кармалышкан.

Анда нааразычылык акциясынын катышуучуларынын бир бөлүгү парламент имаратын курчап турган тосмодон ашып өтүшкөн, бирок милиция тарабынан сүрүлүп чыгарылган. Тосмодон ашып өткөндөрдүн арасында «Ата-Журттун» лидери Камчыбек Ташиев дагы болгон.

Кийинчерээк ал тосмону ашып өткөндүгүнө өкүнүп жаткандыгын айтып, бирок ага карата коюлган айыптоолордун бардыгын четке кага тургандыгын кошумчалаган.

Шектүү катары камакта жаткан саясатчылардын жактоочулары бир нече жолу «ата-журтчуларга» каршы козголгон кылмыш иши — «саясий иш» деп билдиришкен.

Автор: Хлоя Гейне

Редактор: Александра Ли

Сүрөт «Азаттык» радиосунун сайтынан алынды