«Ар-Намыстын» депутаттары коалициядан чыгуу үчүн кол топтоп жатышат

«Ар-Намыс» фракциясынан эл өкүлдөрү лидери альянстын төрагалыгынан кеткенден кийин парламенттеги көпчүлүк коалициясынан чыгуу боюнча кол топтоп башташты - Феликс Кулов Бишкек шаардык кеңешин шайлоодогу мыйзам бузууларга байланыштуу «Ырыс алды — Ынтымак» коалициясын башкаруудан баш тарткан. Бирок фракциянын депутаттарынын бардыгы тең коалициянын курамынан чыгуу зарыл деп эсептебейт.

Азырынча топтолгон кол тамгалардын так саны белгисиз. Бирок «Вечерний Бишкек» гезитинин интернет-басылмасында жазылгандай, коалициядан чыгуу боюнча арызга 11 депутат кол койгон. «Ар-Намыстын» парламентте 25 мандаты бар.

Азырынча Kloop.kg тарабынан сурамжыланган «Ар-Намыстын» депутаттарынан Анвар Артыков гана көпчүлүк коалициясынын курамынан чыгуу боюнча арызга кол койгондугун ырастады. Ал мындай чечимин «Ырыс алды — Ынтымак» коалициясы анын ишенимин актабагандыгы менен түшүндүрдү.

«Коалициянын катышуучулары үстөмдүк кылып, өздөрүнүн тайкы кызыкчылыктарын алып чыгууга аракеттеништи. Коалиция тарабынан түзүлгөн өкмөт жарабай калды деп ойлойм. Кыргызстандын тарыхында коалиция биринчи жолу анча канааттандыраарлык эмес ишке ээ болду», — деди Артыков.

«Ар-Намыстан» депутат Анарбек Калматов партиялаштарынын коалициядан чыгуу үчүн кол топтоп жаткандыктарын биринчи жолу угуп жаткандыгын билдирди. Ал парламенттик көпчүлүктүн курамынан чыгууга азырынча эрте деп эсептейт.

«Тынч кырдаал болушу үчүн туруктуулук керек. Биз экономикалык жактан өнүгүшүбүз керек. Жогорку Кеңештин депутаттатыгына талапкерлигибизди коюп чыкканда элдин жыргалчылыгы менен экономикасын көтөрөбүз деп убада бергенбиз», — деди Калматов.

Игорь Гусаров анын коалициядан чыгуу боюнча арызга кол койгондугу боюнча «Вечерний Бишкек» гезитинин интернет-басылмасында жазылган маалыматты четке какты.

«Мунун бардыгы сандырак кеп. 12,5 жана 6 деп айтылып жаткан сыяктуу тизмелер бар, бирок мен ал тизмелерди көрө элекмин. Биз коалиция лидеринин парламенттеги көпчүлүктү башкарууну каалабай жаткандыгы боюнча маселени гана талкууга алганбыз», — деди Гусаров.

Ал фракциянын коалиция курамынан чыгууга макул болоорунан «күмөн санап жаткандыгын» кошумчалады.

«Коалициянын таркашы үчүн бул кадамга эч ким барбайт. Өлкөдөгү кырдаалды өзгөртүү үчүн кылса болот, бирок бул үчүн аргументтер керек. Бул жөнөкөй маселе эмес», — деп эсептейт парламентарий.

«Ар-Намыстын» башка эки депутаты - Замир Бекбоев менен Нурлан Төрөбековдор Kloop.kgге берген маектеринде коалициядан чыгуу боюнча арызга кол койбогондуктарын билдиришти. Бекбоев маселе 30-ноябрда боло турган фракция жыйынында чечиле тургандыгын кошумчалады.

«Адилетсиз шайлоолор»

«Ар-Намыс» партиясынын лидери Феликс Кулов Бишкек шаардык кеңешин шайлоодогу «мыйзам бузууларга» байланыштуу «Ырыс алды — Ынтымак»коалициясынын төрагалыгынын ыйгарым укуктарын өткөрүп берген.

«Коалициянын лидери болууга менин моралдык укугум жок. Менин коалициядан көңүлүм калган жок, бирок түшүнсөңөр, алар бетибизге түкүргөндөй эле болду», – деген «Ар-Намыстын» лидери партиялаштары менен жолугушуусунда.

Ал кызматтан кеткенден кийин көп өтпөй депутаттар фракция жыйынында коалициядан чыгуу маселесин көтөрүп чыгышкан.

Парламентарий Турсунбай Бакир уулу биринчилерден болуп август айынын аягында таркап кеткен буга чейинки коалициядан кийин негизделген альянстын курамынан чыгууну сунуштап чыккан.

«Коалицияда эч нерсе кыла албастыгыбызды айтып, колдору менен бизди көрсөтө башташат. Кийинки шайлоодо болсо биз менен буттарын сүртөт», — деди Бакир уулу.

Аны эң аз дегенде коалициядан чыгууга даяр экендиктерин билдирген Анвар Артыков, Дастан Бекешев жана Каныбек Осмоналиевдер колдошту.

«Турсунбай Бакир уулуна мен дагы кошулам. Биздин БШКны бир нерсе кылуу керек. Ал жерде биздин квоталар бар, бирок биз ал квоталардан эч нерсе колдонбойбуз. Бул жердегилердин көпчүлүгү өздөрүн бул коалициянын шериги катары сезбей калышты», — деди Бекешев.

Бирок Кулов бул чечимди кабыл алууда шашпай турууга чакырып, коалициядан чыгуу маселесин апта аягына чейин боло турган фракциянын кийинки жыйынына калтырууну сунуштады.

«Келгиле компромисстик чечим кабыл алабыз. Бардыгы тынчыгандан кийин чогулалы», — деди Кулов.

25-ноябрда өткөн Бишкек шаардык кеңешин шайлоодо «Ар-Намыс» партиясы 7 пайыздык тоскоолдуктан өтпөй калган.

«Ар-Намысчылар» шайлоо көп сандаган мыйзам бузуулар менен коштолду деп эсептеп жатат.

Коалиция таркап кетиши мүмкүн

Парламенттеги социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков «Ар-Намыстын» коалициядан чыгуусу бул «алардын укугу» деди Kloop.kgнин журналистине.

«Биз буга чейин кандай иштеп келсек, ошондой эле иштей беребиз», — деди Турсунбеков.

Бирок «Ар-Намыс» коалициядан чыкса ал автоматтык түрдө таркап кетет.

Учурдагы «Ырыс алды – ынтымак» көпчүлүк коалициясынын курамына парламенттин 69 депутаты кирет – алардын 26сы КСДПдан, 25и «Ар-Намыстан» жана 18и «Ата Мекенден».

Эгер «ар-намысчылар» көпчүлүк коалициянын курамынан чыгып кетишсе анда парламенттеги 120 депутаттын 44ү гана калат.

«Ар-Намыс» августта парламенттик коалициянын таркашын демилгелеп, жаңысын негиздеген партиялардын бири.

Куловдун бул чечимине чейин партия Кыргызстандагы бийликчил Социал-демократтардын союзниги болуп эсептелип келген.

Автор: Азат Рузиев

Сүрөт: Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы