Ажыбаева: «Республиканын» мүчөлөрү тууралуу чуулуу тасма «видео кесиндилердин» негизинде жасалган

«Республикачы» Наргиза Ажыбаева Бишкек шаардык кеңешин шайлоодо болжолдуу «карусель» ыкмасын пландап жаткан тасма жарыялангандан кийин алгачкы жолу маек берди. Анда Ажыбаева күнөөнү моюнуна алуудан баш тартып, партиялашын чыккынчылык кылгандыгы үчүн айыптады.

Ажыбаева НТС телеканалына берген маегинде «Билайв» сервисине жарыяланган видеотасма «видео кесиндилерден», карусель ыкмасын уюштуруп жаткандагыдай таасир калтыргыдай кылып жасалган деп билдирди.

«Анын белгилүү бир кесиндилерден жасалгандыгын түшүнө турган киши түшүнөт — анда башталышы бар бирок аягы жок», — деди ал.

Ажыбаева видеотасманы тартып, монтаждаган деп «Республика» партиясынын мүчөсү Зарина Эсеналиеваны айыптады.

«Эсеналиева жаздырылган видеону айтылып жаткан технологиялардын бардыгын биз күн мурун даярдап, милдеттүү түрдө карусель ыкмасын колдонгону жаткандай кылып монтаждап жасаган», — деди Ажыбаева.

НТС каналынын журналистинин «Республика» тарабынан карусель ыкмасы колдонулду беле?», - деген суроосуна Ажыбаева болгон эмес деп жооп берди.

«Карусель ыкмасы колдонулган эмес», — деп билдирди ал.

Ажыбаева Эсеналиеванын мындай аракетин «чыккынчылык менен жасалган иш» деп сыпаттады. Kloop.kgнин кабарчылары Эсеналиева менен байланыша алган жок.

Ажыбаева НТС телеканалы менен «К-Ньюс» веб-сайты аркылуу таратылган алты мүнөттүк маегинде негизинен өзүнүн партиядагы карьералык өсүүсү жана кантип «Республиканын» жаштар канатынын координатору болуп калгандыгы тууралуу айткан.

Бир суткага жоголуп кеткен

Чуулуу видеотасма 26-ноябрдан 27-ноябрга караган түнү интернетке жайгаштырылып, андан соң бардык телеканалдар аркылуу көрсөтүлгөндөн кийин Ажыбаева бир сутка дайынсыз жоголуп кеткен - аны укук коргоо органдары да, өз партиялаштары да издеп таппай калышкан.

«Республикачылар» буга тасманын авторлорун айыптоого да жетишишкен.

27-ноябрь күнү эртең менентен баштап Ажыбаеванын телефон номуру жеткиликсиз болуп калган.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы тасмага түшүрүлгөн фактылар боюнча кылмыш ишин козгогон.

Видеотасмада Наргиза Ажыбаевага окшогон айым тарабынан Бишкек шаарындагы эки шайлоо тилкесинде «карусель» ыкмасын колдонуу маселеси талкууланып жаткандыгы тартылып алынган.

«Негизинен, биз саат бешке чейин максималдуу түрдө таза иштөөгө аракет кылдык, бирок кырдаал көзөмөлдөн чыгып бара жатат, саат 7де тилке жабылат, эми биз өз кишилерибизди киргизе баштайбыз», — деп Ажыбаевага окшогон айым бөлмөгө чогулгандарга кайрылган.

Андан кийин ал «каруселдин» катышуучуларына №1006 тилкесиндеги шайлоо комиссиясынын мүчөсү Элнура эжеге кайрылуулары керектигин түшүндүргөн.

«Ал шайлоочулардын тизмесинде “н” тамгасынан “т” тамгасына чейинки тамагаларды карайт. Силер аталган тамгалардын ортосундагы бир тамганы ойлоп тапкыла», — дейт видеодо «Республика» партиясынын талапкери.

«Карусель» ыкмасынын катышуучулар өз комиссия мүчөсүнө «Тилке саат канчада жабылат?» деген сыр сөздү айтуулары керек болгон.

Автор: Бектур Искендер