Мотуевдин «ата-журтчуларды» бошотууну талап кылган митинги декабрга жылдырылды

Кыргызстанды сактоо кыймылынын тең төрагасы Нурлан Мотуев алгач камактагы оппозиционерлерди бошотууну талап кылган митингти 28-ноябрда өткөрүү пландалгандыгын, бирок ага катыша турган адамдардын жетишсиздигинен улам жылдырылгандыгын билдирди.

Чыныгы мусулмандар жамаатынын мүчөсү Нурлан Мотуев белгиленген мөөнөттөн бир аз өткөрүп Бишкектин борбордук аянтында «масштабдуураак» нааразычылык акциясын өткөрүүнү убадалады.

«Биз жөн гана кийинкиге жылдырдык. Декабрь айынын ичинде масштабдуураак митинг өткөрөбүз. А азыр болсо эки миңден ашык гана киши чогулттук, алар аз эле болуп калууда», — деди Мотуев Kloop.kgге берген маегинде.

Мотуев 28-ноябрга белгиленген митингке бир күн калганда «алдын ала сүйлөшүүлөр» үчүн милицияга чакырылган.

Мотуев «Кумтөр» алтын кенин улутташтыруу маселеси боюнча өткөн митингтин жүрүшүндө «бийликти күч колдонуп басып алууга» аракет кылган деген шек менен камалган оппозициялык «Ата-Журт» партиясынын лидерлерин бошотууну талап кылууда.

Мотуев нааразычылык акциясына «көп сандагы митингчилер» катыша тургандыгын айтты.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы митингке милиция кызматкерлерин катыштыруу маселеси боюнча «ойлонуп жаткандыктарын» билдирди.

«Ал жерге милицияны алып баруу керектиги тууралуу ойлонуп көрөбүз», — деди ИИМдин басма сөз кызматынын кызматкери Kloop.kgге берген маегинде.

Мотуев көп киши чогулта албайт

Саясат таануучу Марс Сариев декабрь айында Мотуев митинг өткөрө албайт деп эсептейт.

«Биринчиден, ал жакында эле митингдерди өткөргөн, бирок ага саналуу гана киши катышкан. Экинчиден, декабрь айында суук түшүп калат», – деп эсептейт саясат таануучу.

Билими боюнча филолог жана дипломат Мотуев 2005-жылдагы дуулдаган акцияларынан кийин тааныла баштаган, ал март революциясынан кийин «элдин менчиги» болуп эсептелет деп, Нарын облусундагы көмүр запастарын басып алган.

Аларга бир нече ай ээлик кылып тургандан кийин, 2006-жылы Мотуев камакка алынган. Жарым жылдан кийин ага кылмыштуу иштердин 14 эпизоду боюнча айып тагылган, алардын арасында 32 млн сомдук көмүрдү уурдоо иши дагы болгон.

2009-жылы белгилүү аймактан чыкпоо тууралуу баш коргоо чарасы аяктагандан кийин Мотуев Кыргызстандын президенттигине талапкерлигин койгон.

Автор: Эльдос Казыбеков