Социалдык өнүктүрүү кызматкери каза болгон пенсионердин батирин «менчиктештирип» алган

Свердлов райондук Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкери Жаңыл Абдылдаева каза болгон пенсионердин батирин менчиктештирип алуу үчүн документтерди окшоштуруп, жасалма кылып даярдаган деп айыпталууда. Абдылдаеванын башчысы кол алдында иштеген кызматкерге коюлуп жаткан айыптарды танган жок.

Социалдык кызматтын жумушчусу туугандары, жакындары жок жалгыз жашаган пенсионердин батирин менчиктештирип алган, деп эсептейт Бишкек шаарынын Свердлов райондук прокуратурасы.

Тергөөнүн болжолдоосу боюнча, Абдылдаева кары адам каза болгондон кийин анын сатылган батиринин акчасын өзүнө алуу үчүн пенсионердин кол жазмасы менен кол тамгасын окшоштуруп даярдаган.

«Абдылдаева өзүнүн таанышы менен алдын ала сүйлөшүп алып, кары адамдын атынан "сатылган батирдин акчасынан 14 миң АКШ долларын алдым", деген тил катты жасалма жол менен окшоштуруп жазган», — деп жазылган Башкы прокуратуранын сайтында.

Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Болот Абдрахманов Kloop.kgге берген маегинде кол алдында иштеген кызматкерди күнөөлүү деп эсептей тургандыгын айтты.

«Ооба, андай окуя болгон, прокуратурадан келишкен, биз аларга жардам бердик.[...] Ал мыйзамга ылайык жооп берет, биз аны таптакыр жактабайбыз», – деди Абдрахманов.

Башкармалыктын жетекчиси бул алардын мекемесидеги мындай алгачкы окуя экендигин кошумчалады. Башкы прокуратура кылмыш ишин 19-ноябрда Свердлов райондук сотуна жөнөткөн.

Автор: Тилек Бейшеналиев

Редактор: Александра Ли