Түштүктөгү жарыктын өчүрүлүүсүнө «Республика» партиясы тиешелүү экени аныкталган жок

Ош шаарындагы «Ош шамы» гезитинин жетекчиси Тургунбай Алдакулов «Фейсбук» социалдык тармагында өз баракчасында түштүк калаадагы электр жарыгынын маал-маалы менен өчүрүлүшүнүн саясатка байлынышы бар экендигин билдирген. «Ошэлектронун» жетекчилери бул маалыматты четке какса, «Республика» партиясы «кара пиар» деп атады.

«Ош шаарында «Республика» партиясы элди революцияга даярдап жатат. Шаардын эл. тармагы «Республиканын» колунда. Алар электр элге эң керек сааттарда очуруп, шаардыктарга Атамбаевди жек корсотуудо»,— деп жазган Алдакулов.

Журналист жеке баракчасындагы комментарийлеринде, маалымат эки жүз пайызга так экендигин кошумчалаган.

Алдакулов Kloop.kgнин кабарчыларына комментарий берүүдөн баш тартты. Ал эми гезиттин редакциясы «бул маселе боюнча өздөрү иликтөө жүргүзүп» жаткандыгын айтты.

«Азыр иликтөө материал жасап жатабыз. Ал маалыматтардын бардыгын камтыган материалдарды жакында жарыялайм. Азыр маалымат айтпай турам»,— деди редакция жетекчиси.

«Ошэлектронун» жетексинин орун басары Нурлан Сыдыков журналисттин мындай сөздөрүн четке кагып, электр жарыгынын өчүрүлүшүнүн саясатка тиешеси жоктугун билдирди.

Сыдыков бир жума мурун берген маегинде светтин өчүрүрлүшүн подстанциялардын алмаштырылып жатышы менен түшүндүргөн.

«Бул өндүрүш болсо электр энергиясынын берүү менен саясаттын кандай тиешеси бар мен бул жерде саясатты көрө албадым»,-деди Сыдыков.

Ал эми «Республика» партиясынын депутаты Нурбек Алымбеков мындай билдирүүлөрдү партияга жасаган “кара пиар» деп баалады.

« Бул «Республика» партиясына каршы азыр саясий майданда жаман нерселерди чыгарып жатышпайбы. Мен ойлойм бул кара пиар деп»,— деди Алымбеков.

Партиянын дагы бир депутаты Алмазбек Атабеков Алдакуловтун билдирүүсүн окубай туруп комментарий берген болбостугун айтып, бирок мындай маалыматты таркатуу туура эместигин айтты.