Алыш күрөшү 2014-жылда өтө турган Азия оюндарынын программасына киргизилиши мүмкүн

Кыргыз улуттук алыш күрөшү 2014-жылы Түштүк Кореяда өтө турган Азия оюндарынын программасына кирип калышы мүмкүн. Ал үчүн күрөштүн бул түрү дүйнөнүн 40 өлкөсүндө популярдуу болушу керек.

Алыш күрөшү боюнча федерация дүйнөнүн 37 өлкөсүндө бар. Анын Эл аралык федерациясынын башчысы Чолпон Султанбекованын айтымында, спорттун бул түрү Кыргызстандан башка Иранда, Индияда жана Пакистанда өзгөчө таркаган.

Күрөштүн бул түрү боюнча федерация дагы үч өлкөдө пайда болгондо гана алыш күрөшү Азия оюндарынын программасына кириши мүмкүн.

«Биздин улуттук күрөш түрүнүн дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө да популярдуу болуусун каалайт элек», — деди Султанбекова.

Күрөштүн бул түрүнүн Азия оюндарынын программасына кириши үчүн анын эрежесин өзгөртүп, — салмак категориялары менен ыкмаларынын түрлөрүн аныктап - олимпиадалык оюндарга жакындаштыруу да керек, деп түшүндүрдү Алыш күрөшүнүн кыргыз федерациясынын башчысы Малик Осмонов.

«Азия оюндарынын талабы боюнча күрөштө жараатка алып келе турган ыкмалар болбошу керек, ошондуктан бул маселени карап чыгып бир катар ыкмаларды алып салдык», — деди Осмонов.

Алыш күрөшү — 2001-жылы маркум Баяман Эркинбаевдин демилгеси боюнча негизделген улуттук спорт түрү. Анын эрежелери менен идеясы «Манас» эпосу менен салттуу күрөштөн алынган.

Алыш күрөшү боюнча ноябрдын аягында өткөн Азия биринчилигинде Кыргызстандын командасы биринчи орунга ээ болгон. Мелдеш Баяман Эркинбаевдин элесине арналып уюштурулган.

Автор: Гүлжан Турдубаева