БШК Таластагы добуштарды кайрадан эсептөө тууралуу маалыматты четке какты

Азырынча Таластагы добуштарды кайрадан эсептөө маселеси талкуудан гана өтүп жатат, деп билдиришти Борбордук шайлоо комиссиясы менен Талас аймактык шайлоо комиссиясынан — болжолдуу маалымат боюнча ал жерде «Республика» партиясы алдыда келе жатат. Добуштарды кайрадан эсептеп чыгуу тууралуу маалыматты «КирТаг» телеграф агенттиги жазып чыккан.

Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз катчысы Токтоболот Жумалиев Таластагы добуштарды кайрадан эсептеп чыгуу маселеси азырынча чечиле электигин Kloop.kgге билдирди.

«Азырынча акыркы чечим жок, бирок шайлоо мыйзамдарынын бузулгандыгы боюнча даттануулар келип түшкөндүктөн кайрдан эсептеп чыгуу болушу мүмкүн», — деди Жумалиев.

Ал Талас шаарында кандай мыйзам бузуулар катталгандыгын тактап айткан жок.

Талас аймактык шайлоо комиссиясынын төрайымы Канайым Сайдалиева добуштарды кайрадан эсептеп чыгуу маселеси дагы деле каралып жаткандыгын Kloop.kgге билдирди.

«Азырынча бул маселе Боршайкомдун жыйынында каралып жатат», — деди ал.

Сайдалиева ММКлардын шайлоо процессин туура чагылдырбай жаткандыгына даттанып, БШК аларды «сотко бере тургандыгын» айтты.

«Биз ар кандай маалыматтарды айта бербейбиз, бирок жазып атышыптыр да. Ошондуктан туура маалыматты бериш керек. Силер эмнеге башкалардан сурап жатасыңар? Төрага жооп берсин [...] Мурунку жолу бул жерде митинг болду деп жазып салышыптыр. Эч кандай митинг болгон эмес!» — деди Талас аймактык шайлоо комиссиясынын төрайымы.

Ал маалыматты бурмалап берген басылманын аталышын айта алган жок.

«КирТАГдын» БШК мүчөсү Болот Максутбаевге шилтеме жасап жазган материалында өлкөнүн башкы шайлоо органы Талас шаары менен бир нече райондордогу добуштарды кайрадан эсептеп чыга тургандыгы жазылган.

Талас — «Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабановдун туулган шаары жана жергиликтүү кеңештерди шайлоодо оппозициялык партия жеңишке жеткен шаарлардын бири.

Автор: Зарема Султанбекова