Интернет колдонуучулар Кыргызстандын ИИМнин орус кесиптештеринин эски формасын сурагандыгын шылдыңга алышты

Орусиянын «Известия» гезити кыргыз милициясы орус кесиптештеринен колдонулган формасы менен техникасын сурап жаткандыгын билдирди. Бул маалымат кыргыз жана орус интернет колдонуучуларынын ондогон шылдыңдуу билдирүүлөрүнүн пайда болушуна себеп болду.

«Известия» өз материалында Кыргызстандын ИИМинин орусиялык кесиптештерине жөнөткөн түшүндүрмө катына шилтеме жасоодо — басылма ал каттын көчүрмөчү редакция кеңсесинде бар экендигин айтып, далилдөөгө аракет кылууда.

Орусия басылмасындагы маалыматка ылайык, кыргыз милициясы эки тик учак, 15 автобус, 18 «КамАЗ» жана «Урал» жүк унаасын, 30 Газель», беш БТР-80 жана брондолгон үч «КамАЗ» сураган.

Милиция алардан сырткары курал-жарак, чатыр жана ошондой эле 40 миң топтом кочкул көк түстөгү параддык жана жөнөкөй милиция формасын сураган.

Кыргызстандын ИИМи мунун бардыгын кайтарымсыз, гуманитардык жардам катары берүүнү сураган.

«Каржылык жагы начар болгондуктан мекеме орус кесиптештеринен жардам суроого мажбур. Республика азыркыга чейин 2010-жылдагы толкундоолор менен башаламандыктардын кесепетинен чыга албай жатат», — деп билдирген басылманын Кыргызстандагы маалымат булагы.

Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов Kloop.kgге берген маегинде «Известия» гезитинин журналисттери анын айткандарын «туура эмес» түшүнүп калгандыктарын айтты.

«Менден биздин милиция кандай форма кийет жана кайсыл жактан тигилет деп гана сурашкан. Мен азырынча орусиянын формасын кийбейбиз, өзүбүздүкү бар деп жооп бергем. Алар мага кандай материал даярдап жаткандыктарын айтышкан эмес. Азыр чындыгында эле андай өтүнүч каттын болгон-болбогондугун текшерүү боюнча тапшырма бердим», — деди Сейитов.

«Твиттердеги» мыскылдар

Колдонулган форманы суроо жөнүндөгү билдирүү боюнча «Твиттердин» Кыргызстандагы да, Орусиядагы да колдонуучулары дароо эле өз пикирлерин билдиришти.

Бир жылдай Москва шаарында жашап келген «Азаттык» радиосунун журналисти Аида Касымалиева форманы кыскартып тигүү — «күлкүлүү окуя» деп эсептейт.

«Орус жолдоштор чындыгында эле чоң келет. [...] Бул байпакты тордоп жамап кийгендей эле, аны кийбей эле койгон же ыргытып жиберген жакшы», — деп жазат Касымалиева.

@beshtash деген колдонуучу орус милициясынын жарактан чыккан формасын гана эмес ич кийимдерин дагы колдонууну сунуштаган:

«Орусия биздин ИИМге эски милиция формасын берет деп айтып жатышат, бирок бир ган шарт менен дейт: формалар менен бирге милиция кызматкерлеринин кийилген ич кийимдерин да жөнөтөт экен!» — деп жазган колдонуучу.

Экс-президент Роза Отунбаеванын уулу Атай Садыбакасов ички иштер органынын бедели үчүн кабатырланууда:

«ИИМге тилемчилик кылуунун ордуна салыктык өргүүнүн эсебинен биздин тигүү цехтерине форма тигүүгө заказ берүүнү сунуш кылам. Кантсе да абийир (форманын) акчадан жогору турат эмеспи», — деп эсептейт Садыбакасов.

Бул маалыматка орусиялык интернет колдонуучулар дагы мыскыл менен жооп кайтарышкан.

@ssbut аттуу колдонуучу кыргызстандыктарга эскирип калган башка объектилерди да сунуштаган:

«Киргизия Орусиядан эскирген милиция формасын сурады … … Ар дайым ООБА да! Бизде эски президент дагы, Дума дагы, армия дагы бар. БЕКЕР!» — деп жазган колдонуучу.

«Киргизия Орусиядан милициянын эскирип калган кийимдерин сурады... … а кокустан аларга эскирип калган президент кереги жок бекен?» — деп аны менен @davnch деген колдонуучу макул болгон.

@gorchichkin аттуу колдонуучу кыргыз милициясынын митаам эместигине суктанып жаткандыгын жазган:

«Мына кыргыздар — форма сурап, аны менен бирге жөн эле кошумча катары техника менен курал-жарак да сурады)))»

Автор: Хлоя Гейне