Кыргызстан Орусиядан учак сатып алууну көздөп жатат

Мамлекеттик «Кыргызстан» авиакомпаниясы орусиялык компаниялардын биринен Sukhoi Superjet 100 деген аба кемелерин сатып алууну көздөп жатат. Сатылып алына турган учактардын саны менен баасы сыр бойдон калууда.

«Кыргызстан» авиакомпаниясынын коммерциялык директору Арсен Табылдиев «Суховдун жарандык учактары» аттуу компаниядан Sukhoi Superjet 100 учактарын сатып алууну көздөп жаткандыгын Kloop.kgге билдирди. Ал бирок учактардын учуу аралыгынын алыс эместиги кыргыз компаниясына ылайык келбей жаткандыгын айтты.

«Орус компаниясы учурда аталган учактардын учуу аралыгын узартуу маселеси боюнча иш-чараларды иштеп чыгып жаткандыктарын айтып, убада беришти», — деди Табылдиев.

Ал учактардын саны менен баасы коммерциялык сыр болуп эсептелээрин айтты.

«Суховдун жарандык учактары» компаниясынын президенти Владимир Присяжнюк «Росбалт» маалымат агенттигинин «Интерфакска» шилтеме жасап бул боюнча келишимге кол коюлгандыгы тууралуу тараткан билдирүүлөрүн ырастады — бирок Kloop.kgнин кабарчылары «Росбалт» шилтеме жасап жаткан материалды таба алган жок.

Келишим боюнча жакынкы сүйлөшүүлөр декабрь айына белгиленген, деп билдирет «Росбалт».

«Коммерсант» гезитине басылып чыккан макалалардын бирине ылайык,Sukhoi Superjet 100 учагынын бирөө 35 миллион доллар турат.

Кыргыз авиакомпанияларынын учактары Евро биримдиктин коопсуздук стандарттарына жооп бербегендиктен учурда алар Европага уча алышпайт.

Автор: Зарема Султанбекова

Сүрөттүн автору: Митя Алешковский