Токтогул суу сактагычындагы суунун жетишсиздигинен улам 2012-1013-жылдын кышында Өзбекстан менен Казакстан Кыргызстандан электр энергиясын албайт, деп билдирди Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы. Мекеме ал өлкөлөргө электр жарыгын берүү калыбына келтирилээр-келтирилбесин так айта алган жок.
Энергетика жана өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматынын кызматкери Азамат Курамаев Kloop.kgге берген маегинде Кыргызстан Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээлин сактап туруу үчүн электр энергиясын сыртка чыгарууну токтоткондугун билдирди.
«Биз кыштан жакшы темп жана суунун жетишээрлик деңгээли менен чыгыш үчүн экспорттоону токтоттук», – деди Курамаев.
Ал Кыргызстан электр энергиясын Кытай менен чектеш жердеги «Торугарт» бажы өтмөгүнө дагы берүүнү токтоткондугун айтты.
«Кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» бажы өтмөгү эң эле аз көлөмдөгү электр энергиясын колдонот, аларга андагы чек ара заставасы фукнциясын аткарып туруусу үчүн берилет. Алар ал өтмөктү өздөрү эле электр жарыгы менен камсыз кыла алышат. Биз биринчи кезекте өз өлкөбүз жөнүндө ойлонушубуз керек», – деди басма сөз кызматынын кызматкери.
Комментарий берүү үчүн Казакстан менен Өзбекстандын элчиликтери жеткиликсиз болууда.
Энергетика тармагы боюнча талдоочу Расул Умбеталиев электр энергиясын чет жактарга чыгарууну токтотууну туура чечим деп эсептейт.
«Эгер биз былтыркыдай болуп экспорттой берсек [электр энергиясын], анда өтө эле аз көлөмдөгү суу калат. Бул 2013-2014-жылдардан чыгуубузга коркунуч алып келмек», – деп эсептейт талдоочу.
Ал Казакстан менен Өзбекстан өз өлкөлөрү үчүн кышкы мезгилге жетишээрлик көлөмдөгү электр энергиясын өндүрө тургандыгын айтты.
«Казакстан менен Өзбекстандын түштүгүндө жайында гана электр энергиясы жетишсиз болот. Ал өлкөлөргө жайында гана экспорттойбуз. А кышында болсо бизде андай мүмкүнчүлүк жок», – деди Умбеталиев.
Кыргызстан сегиз жылдан бери Казакстан менен Өзбекстанга электр энергиясын туруктуу берип келген.
Автор: Мария Гребнева
Редактор: Александра Ли
Фото: Светлана Зеленская