АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Уэнди Шерман Эл аралык «Манас» аэропортундагы Транзиттик жүк ташуу борборунун мындан аркы тагдыры боюнча чечим азырынча макулдашуулардын чегинен чыкпай тургандыгын билдирди. Буга чейин Кыргызстандын президенти борбор 2014-жылга чейин эле иштей тургандыгын айткан.
АКШнын мамкатчысынын жардамчысы журналисттер менен болгон жолугушуусунда америкалык «Манас» Транзиттик жүк ташуу борборунун андан аркы жайгашуусу жөнүндөгү сүйлөшүүлөр «божомолдоо деңгээлинде» экендигин билдирди.
«Биз Кыргызстандын борборду 2014-жылга чейин калтыруу боюнча чыгарган чечимин кубаттайбыз. Кандай болгон күндө да кабыл алына турган чечимдер Кыргызстандын кызыкчылыктарын эчке алуу менен кабыл алынат», — деди Шерман.
АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Кыргызстан менен Кошмо штаттар ортосундагы сүйлөшүүлөргө кеңири токтолгон жок.
Америкалык «Манас» авиабазасы - учурдагы Транзиттик жүк ташуу борбору 2001-жылы, Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаевдин мезгилинде иштеп баштаган.
Учурдагы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев 2014-жылы америкалык транзиттик жүк ташуу борборун Кыргызстандан чыгаруу боюнча бир нече жолу билдирүү жасаган — бул боюнча ал алгачкы жолу өлкө башчылыгы кызматына киришип жатканда, экинчи жолу орусиялык «Москва жаңырыгы» радиосуна берген маегинде билдирген.
Бул боюнча реакциясын АКШ бийлиги токтоосуз билдирген — АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Роберт Блэйк Атамбаев менен жүк ташуу борборунун жайгашуу мөөнөтү боюнча бир нече жолу жолугушуп, маселени талкууга алышкан.
Атамбаевдин авиабазаны 2014-жылы чыгаруу чечимин Орусия бийлиги жактыруу менен кабыл алды — мындай позициясын Орусия ТИМинин Кыргызстандагы расмий өкүлү Александр Лукашевич билдирген.
«Биз Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин борбор боюнча 2014-жылдан кийин АКШ менен макулдашууну узартпоо жана ал объектини аскердик эмес Эл аралык жарандык транспорт ташуу түйүнү кылып түзүү ниетин жактыруу менен кабыл алдык», – деп билдирген Лукашевич май айынын башында.
Аскердик маселе
Транзиттик жүк ташуу борборунун өлкө аймагында жайгашуусу боюнча түзүлгөн келишимдин мөөнөтүнүн аякташы Ооганстандагы америкалык аскерлердин негизги бөлүгүн чыгарып кетүүнүн мөөнөтү менен туура келип калууда.
Шерман Америка Кошмо Штаты 2014-жылдан кийин Кыргызстанга кайсы бир аскерий жабдууларын калтыруу маселесин азырынча караштырбагандыгын, бирок кийинчерээк бул маселе көтөрүлүп калышы мүмкүндүгүн билдирди.
«Азыр бул тууралуу талкуу жүргүзүү эртерээк болуп калышы мүмкүн. Менин билишимче, азыр чечим чыгарыла элек, бирок эгер шартка ылайык келип, анын зарылчылыгы келип чыкса ал келечекте талкууга ала турган предметке айланып, андай чечим кабыл алынышы мүмкүн», — деди АКШнын өкүлү.
Ал кошумчалагандай, эгер АКШ Кыргызстанга кайсы бир аскерий жабдууларын калтырган күндө да алар «зыян келтире турган» куралдар болбойт. Шерман азырынча АКШ Кыргызстанга кандайдыр бир аскердик жактан жардам берүү боюнча пландары жок экендигин белгиледи.
Автор: Эльдияр Арыкбаев