Кыргызстанда ички каттамдарды аткара турган жаңы авиакомпания пайда болду

«Sky Bishkek» 1-декабрдан баштап Ош, Баткен, Жалал-Абад жана Исфанага каттамдарды аткара баштады. Аба жолдорунун башкы директору компания атайын жүргүнчүлөрдү өлкө ичинде ташуу үчүн негизделгендигин айтты.

Эл аралык «Манас» аэропортунун басма сөз катчысы Назгүл Дүйшөнбиева Kloop.kgге берген маегинде компания алгачкы каттамын 1-декабрда аткаргандыгын билдирди.

Ал «Sky Bishkek» учактары жумасына үч жолу: дүйшөмбү, шаршемби жана ишемби күндөрү учаарын айтты.

Компаниянын башкы директору Жумабек Абдулаев алардын учактары Кыргызстандын ичиндеги каттамдарды гана аткара тургандыгын Kloop.kgге билдирди.

«Биздин компания атайын өлкө ичиндеги жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн негизделди. Учурда Кыргызстандын ичинде жүргүнчүлөрдү аба жолдор аркылуу ташуу жетишээрлик деңгээлде эмес», – деди Абдулаев.

Ал компания кышында да, жайында да атайын каттамдарды киргизе тургандыгын кошумчалады.

«Кышында биз жүргүнчүлөрдү Бишкектен Караколго, андан кайра бул жерге ташып иштейбиз. Ал эми жайында түштүк аймактардан Ысык-Көлгө каттайбыз», – дейт башкы директор.

Компания 33 кишилик SAAB 340 үлгүсүндөгү учактарды колдонот.

«Кыргызстан» авиакомпаниясынын коммерциялык директорунун орун басары Динара Ашираметова жаңы авиакомпаниянын пайда болгондугуна кубанычта экендигин жана аны атаандаш катары эсептебей тургандыгын айтты.

«Sky Bishkek» компаниясы биз учпаган маршруттар боюнча каттамдарды аткарат. Компания Бишкек-Исфана-Бишкек каттамы боюнча башка күндөрү учат, ошондуктан биз жаңы авиакомпаниянын пайда болгондугуна кубанычтабыз», – деди Ашираметова.

Кыргызстандагы ички каттамдарды өлкөнүн эки авиакомпаниясы аткарып келген: «Кыргызстан» жана «Air Bishkek».

Автор: Мария Гребнева

Редактор: Александра Ли