Өлтүрүлгөн журналист Саиповдун иниси сабалды

2007-жылы өлтүрүлгөн журналист Алишер Саиповдун инисин белгисиз адамдардын тобу сабап кетти, укук коргоочулар менен милициянын версиясы боюнча алардын арасында депутат жана парламенттин экс-төрагасы Өмүрбек Текебаевдин Азамат аттуу иниси да болгон.

Шохрух Саиповго кол салуу Бишкек шаарында 2-декабрда болгон, деди окуя боюнча биринчи болуп билдирип чыккан укук коргоочу Азиза Абдирасулова.

Анын версиясы боюнча, кол салгандардын арасында депутат жана парламенттин мурунку төрагасы Өмүрбек Текебаевдин Азамат аттуу иниси дагы болгон.

«Төрт кишиден турган топко төрт бала кол салган. Кол салагандарда бир метрден узунураак арматура темирлери болгон, алар менен берки топтогуларды токмоктошкон. Алардын денелери көгөргөн, бирөөсүнүн санынан жараат алган», — деди Абдирасулова.

Анын айтымында, милиция кол салган балдарды кармап, Бишкектин Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирген.

«Октябрь РИИБсинде азыркыга чейин эч кандай аракеттер көрүлгөн жок - соттук медициналык экспертиза өткөрүлүп аларга жактоочулар берилген эмес, жараат алгандарга дагы тез жардам чакырылган эмес, алар полдо жатышат. Менин маалыматтарым боюнча, тергөөчүлөргө бул ишти эртең мененкиге чейин кармап туруу боюнча басым жасалган», — деп нааразы болду укук коргоочу.

Ички иштер министрлигини басма сөз кызматынын кызматкери Эрнис Осмонбаев балдардын ортосундагы уруш кечки саат тогуздарда, Бишкектин Октябрь районундагы дүкөндө башталгандыгын айтып берди.

Ал кол салууга Текебаевдин иниси дагы шектелип жаткандыгын ырастады.

ИИМ Абдирасулованын тергөөгө басым жасалгандыгы боюнча айткан билдирүүлөрүн четке кагууда — Осмонбаевдин айтымында, жабыр тарткандарга соттук-медициналык экспертиза белгиленген жана учурда кылмыш ишин козгоо боюнча маселе чечилип жатат.

«Азиза Абдирасулова айтып жаткандар чындыкка дал келбейт. Каттоого алуудан баш тартышты дейт — анын муну эмнеге айтып жаткандыгын билбейм. [...] Жарандардын бардыгынын укуктары бирдей, бардыгына бирдей мамиле жасалат. Сабалгандардын кайсыл жерде экендиги мага белгисиз, алардын көрсөтмөлөрү алынды», — деди Осмонбаев Kloop.kgге.

Азырынча Kloop.kg окуянын катышуучулары менен байланыша элек.

Саиповдун экинчи жолу сабалышы

«Газета Дайджест» басылмасынын негиздөөчүсү Шохрух Саиповду белгисиз адамдар 2011-жылдын августунда дагы Ош аэропортунда сабап кетишкен.

Саиповдун улуу агасы Алишер 2007-жылдын октябрында тапанчадан атылган үч октон улам көз жумган, анда ал 26 жашта болгон. Ал «Азаттык» радиосунун өзбек кызматында кабарчы болуп иштеген жана Кыргызстанда «Фергана.ру» маалымат агенттиги менен кызматташкан.

Туугандарынын шектөөлөрү боюнча, ал саясий мотив менен өлтүрүлгөн.

2010-жылдын майында Алишер Саиповдун өлүмүнө милициянын мурунку кызматкери Абдулфарит Расулов айыпталып, 20 жылга эркинен ажыратылган.

Бирок, каза болгон журналисттин атасы кылмыш болгон учурда Расулов ал жерден 400 чакырым алыстыкта болгондугун аныктап чыккан.

Кыргызстандагы белгилүү журналисттин өлүмү боюнча соттук процесс 2012-жылдын октябрында кайрадан улантылган.

Шохрух Саипов 2011-жылдын жаз жана жай айларында Kloop.kgнин өзбек версиясында редактор болуп иштеген.

Автор: Зарема Султанбекова

Сүрөт Шохрух Саиповдун «Фэйсбук» социалдык түйүнүндөгү профилинен алынды